Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Президента Кыргызской Республики от 28 декабря 2022 года РП № 249 (О признании утратившими силу некоторых распоряжений Президента Кыргызской Республики)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-12-28.
КР Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы ПТ N 249 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2007-жылдын 18-июну №136
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН БУЙРУГУ
Маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө макулдашылган чараларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу маселелеринде республиканын министрликтери менен ведомстволорунун ишин координациялоо максатында:
1. №1 тиркемеге ылайык кызмат орду боюнча курамда
маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча Ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн.
2. Маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу маселелери
боюнча Ведомстволор аралык комиссия жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин (№2 тиркеме).
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугунун
мамлекеттик комитети аталган Ведомстволор аралык комиссиянын аткаруучу органы болуп санала тургандыгы жана жыйналыштарды уюштуруу жана өткөрүү маселесин кошуп алганда анын ишин камсыз кыла тургандыгы белгиленсин.
4. Бул буйруктун аткарылышына контролдук кылуу милдети
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кењешинин аппаратына жүктөлсүн.
5. Бул буйрук кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 18 юнундагы № 136 буйругунун №1 тиркемеси
Маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кењешинин катчысы - Комис сиянын төрагасы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугунун мамлекеттик комитетинин төрагасы - Комиссиянын төрагасынын орунбасары Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри - Комиссиянын төрагасынын орунбасары Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугунун мамлекеттик комитетинин кызматкери - Комиссиянын жооптуу катчысы
Комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орунбасары
- Башкы штабдын начальниги
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орунбасары Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орунбасары Кыргыз Республикасынын финансы министринин орунбасары Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин статс - катчысы Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министринин орунбасары Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министринин орунбасары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун- басары Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттигинин дирек- торунун орунбасары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресу- рстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигинин директорунун орунбасары Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар минис- трлигинин байланыш жана маалыматташтыруу башкармасынын началь- ниги
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча Ведомстволор аралык комиссия жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 18 июнундагы №136 буйругу…Положение · 18.06.2007 · № 136
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы ПТ №249 (Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым буйруктарын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө) тескемесиРаспоряжение · 28.12.2022 · № 249