5-статья
Күчүндө · 18.07.2024 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 12 февраля 2009 года № 48
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин имараттарында, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин башчыларынын өздөрүнүн кызматына байланыштуу милдеттерин аткарып жатканда алардын резиденцияларында, ошондой эле эл аралык укуктун ченемдерине, дипломатиялык протоколдун эрежелерине жана ал турган өлкөнүн салтына ылайык Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн имараттарында көтөрүлөт. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу ошондой эле дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин башчыларынын унаа каражаттарында, Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн унаа каражаттарында орнотулат. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу коомдук бирикмелердин, менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын имараттарына (болбосо мачталарга, флагштокторго), ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген майрам күндөрү жайларда, турак үйлөрдө, транспорт каражаттарында спорттук, коомдук жана салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү учурунда алардын ээлеринин каалоосу боюнча илинет. (КР 2009-жылдын 12-февралындагы №48,2012-жылдын 17-мартындагы №22 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 18.07.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1490/st-5" title="5-статья - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>