Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралу» мыйзамы
Бишкек шаары
2009-жылдын 12-февралы N 48
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
Жарчысы, 2004-ж., N 11, 498-ст.) төмөндөгүдөй толуктоолор жана өзгөртүү
киргизилсин:
1. 4-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Ушул статьянын 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мекемелерде көрсөтүлгөн
мамлекеттик желек сутканын карањгы учурларында жарык кылынышы керек.".
2. 5-статьянын 2-бөлүгүндөгү "турак үйлөрдү" деген сөздөр "жайлар-
да, турак үйлөрдө, транспорт каражаттарында спорттук, коомдук жана сал-
танаттуу иш-чараларды өткөрүү учурунда алардын ээлеринин каалоосу боюн-
ча" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Мыйзам төмөндөгүдөй мазмундагы 9-1-статья менен толукталсын:
"9-1-статья.
Жол берилбейт:
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегинин сүрөтүн геральдика-
лык негиз катарында пайдаланууга;
- тытылган же өњү өчүп калган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик
желегин пайдаланууга;
- менчигинин түрүнө карабастан коомдук бирикмелердин, ишканалар-
дын, мекемелердин жана уюмдардын желектери Кыргыз Республикасынын Мам-
лекеттик желегине окшош болушуна.
Ушул статьянын 1-бөлүгүн бузууга күнөөлүү адамдар Кыргыз Республи-
касынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук актыларын
расмий жарыяланган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ыла-
йык келтирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
2009-жылдын 16-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндөЗакон · 17.07.2004 · № 91
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндөЗакон · 17.07.2004 · № 91