25-статья. Квоталар
Күчүн жоготкон · 29.03.2019 редакциясы · V бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 29 марта 2019 года № 40.
1. Квоталар таламдаш жөнөтүүчүлөр (жөнөтүүчү өлкөлөр) менен макул-
дашуунун жана алардын ортосунда жөнөтүүчүлөрдүн үлүштөрүн андан ары
бөлүштүрүүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белги-
лениши мүмкүн:
а) айрым жөнөтүүчүлөр үчүн белгиленген квоталар акыркы үч жылдын
ичинде бул товарды жөнөтүүнүн орточо дењгээлинен аз болушу мүмкүн эмес,
буга бир кыйла олуттуу чектөөлөр олуттуу зыяндын кесепеттерин болтурбоо
же анын ордун толтуруу үчүн зарыл болгон учурлар кирбейт.
б) квоталар ошондой эле мурдагы жөнөтүүчүлөрдүн үлүштөрүнө жараша
белгилениши мүмкүн.
2. Эгерде консультациялар Комитеттин көмөгү астында жүргүзүлсө жа-
на төмөндөгүдөй талаптар:
- жөнөтүүчүлөрдүн жалпы көбөйүшүнө карата жөнөтүүчүлөрдүн биринин
жөнөтүүсүнүн көлөмүнүн пропорциялуу эмес көбөйүшү;
- бардык жөнөтүүчүлөр үчүн бирдей адилеттүү шарттар сакталса кво-
талар таламдаш жөнөтүүчүлөр (жөнөтүүчү өлкөлөр) менен макулдашпай туруп
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталышы мүмкүн.
3. Ыйгарым укуктуу орган ата мекендик өндүрүүчүлөргө олуттуу зыян
коркунучун аныктаган учурда ушул статьянын 2-пункту колдонулбайт.
Берененин тексти 29.03.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
25-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/148/st-25" title="25-статья - Коргоо чаралары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>