24-статья. Коргоо чараларын колдонуунун тартиби
Күчүн жоготкон · 29.03.2019 редакциясы · V бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 29 марта 2019 года № 40.
1. Коргоо чаралары чара мурда белгиленген товарларга анын мөөнөтү
аяктагандан кийин кеминде 2 жыл өтмөйүнчө аларга карата коргоо чаралары
кайталанып колдонулушу мүмкүн эмес.
2. Коргоо чаралары, эгерде алардын аракеттеринин алгачкы мөөнөтү 6
айды же андан аз убакытты түзсө, төмөндөгүдөй шарттар сакталганда:
а) коргоо чаралары киргизилген күндөн тартып бир жылдан кем эмес
убакыт өтсө;
б) бул сыяктуу коргоо чарасы ал киргизилген күндөн мурдагы беш
жылдын ичинде бир эле товарга эки жолудан ашуун колдонулбаса, товарлар-
га карата кайталанып колдонулушу мүмкүн.
3. Эгерде алардын бул товарды жөнөтүүлөрдүн жалпы көлөмүндө үлүшү
3 проценттен ашпаса, БСУга мүчө болгон өнүгүп келаткан өлкөлөргө ар би-
ринин жөнөтүүдөгү үлүшү - 3 проценттен азды түзсө, жыйындысында териш-
тирүүгө алынган товарларды бардык жөнөтүүлөрдүн 9 проценттен ашпаганына
туура келген шартта коргоо чаралары БСУга мүчө болгон өнүгүп келаткан
өлкөлөрүнүн товарларына каршы колдонулушу мүмкүн эмес.
4. Ыйгарым укуктуу орган олуттуу зыяндын коркунучун аныктаганда
коргоо чаралары олуттуу зыян коркунучу бар экендиги жөнүндө ырастаган
аныктама чыгарылган күндөн тартып гана колдонулушу мүмкүн жана колдону-
луп жаткан убактылуу коргоо чаралары коргоо чараларынын өлчөмүн
эсептөөдө эске алынууга тийиш.
Берененин тексти 29.03.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
24-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/148/st-24" title="24-статья - Коргоо чаралары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>