504-16-статья. Белгилүү бажылык режимде жайгаштырылган товарлар жана транспорт каражаттары менен туура эмес операцияларды жүргүзүү, алардын абалын өзгөртүү, аларды пайдалануу жана тескөө
Күчүн жоготкон · 11.06.2004 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Товарлар жана транспорт каражаттары менен туура эмес операцияларды жүргүзүү, бажы режимин бузуу менен алардын абалын өзгөртүү, аларды пайдалануу жана тескөө, ага тете эле ушул главанын башка статьяларында каралган учурларды кошпогондо, бажы режиминин башка чектөөлөрүн, талаптарын жана шарттарын сактабоо, - жарандарга - укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ансыз эң аз айлык акынын ондон жыйырмага чейинки өлчөмүндө айып салууга; кызмат адамдарына - укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ансыз эң аз айлык акынын элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга; юридикалык жактарга - эң аз айлык акынын жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө, же болбосо укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо менен же ансыз алардын наркынын жыйырмадан жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.
Берененин тексти 11.06.2004 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
504-16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1457/st-504-16" title="504-16-статья - О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>