504-10-статья. Убактылуу сактоо кампасынын режимин бузуу
Күчүн жоготкон · 11.06.2004 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Убактылуу сактоо кампасында сакталуу мөөнөтү белгиленген чектик сактоо мөөнөтүнөн ашып кеткен товарларды жана транспорт каражаттарын бажы тартибине ылайык чыгарууну же тескөөгө алууну камсыз кылуу боюнча чараларды көрбөө, - жарандарга - укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ансыз эң аз эмгек акынын үчтөн онго чейинки өлчөмүндө айып салууга; кызмат адамдарына - укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ансыз эң аз айлык акынын ондон элүүгө чейинки өлчөмүндө айып салууга; юридикалык жактарга - эң аз айлык акынын жүздөн үч жүзгө чейинки өлчөмүндө же укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо менен же ансыз алардын наркынын ондон жүзгө чейинки пайызында айып салууга алып келет.
Берененин тексти 11.06.2004 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
504-10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1457/st-504-10" title="504-10-статья - О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>