1-статья
Күчүн жоготкон · 11.06.2004 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж. N 2, 77-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1-статьянын экинчи бөлүгү алып салынсын.
2. 27-статья төмөндөгүдөй мазмундагы 13-пункт жана Эскертүү менен толукталсын:
"13) бажы укуктарын бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарлардын жана транспорт каражаттарынын, Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу бажы укуктарын бузуунун түздөн-түз объектиси болгон нерселерди жашырып алып өтүү үчүн пайдаланылган, атайын даярдалган жашыруун жерлери бар товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын өндүрүп алуу. Эскертүү. Бажы эрежелерин бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарлардын жана транспорт каражаттарынын, Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу бажы эрежелерин бузуунун түздөн-түз объектиси болгон нерселерди жашырып алып өтүү үчүн пайдаланылган, атайын даярдалган жашыруун жерлери бар товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын өндүрүп алуу, укук бузуу айкындалган күнгө карата мындай товарлардын жана транспорт каражаттарынын рыноктук баасына пайыздык катыштагы акчалай сумманы өндүрүп алууну билдирет жана кошумча жаза-чара катары колдонулат.".
3. 30-статьяда:
экинчи бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "Айыптын өлчөмү администрациялык укук бузуу жасалган учурга карата белгиленген айлык акынын эң төмөнкү өлчөмүнө негизделип, ошондой эле тартип бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон аткарылган иштердин, товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркына пайыздык катышта аныкталат."; статья төмөндөгүдөй үчүнчү бөлүк менен толукталсын: "Товарларды жана транспорт каражаттарынын наркына негизденип пайыздык катышта эсептелүүчү айып түрүндөгү жаза салууда бул предметтердин наркы катары алардын укук бузуулар аныкталган күнгө карата рыноктук баасы эсептелет.". үчүнчү-алтынчы бөлүк тиешелүүлүгүнө жараша төртүнчү-жетинчи бөлүк болуп эсептелсин.
4. 46-статьянын биринчи бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жарандарга жана кызмат адамдарына карата администрациялык жаза-чаралары администрациялык укук бузуу жасалган күндөн тартып эки айдан кечиктирилбестен, укук бузуулар кайталанганда - ал билинген күндөн тартып эки айдан кечиктирилбестен, ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга карата, ошондой эле юристтик билими жок адамдар ишкерчилик ишин жүргүзсө - администрациялык укук бузуу билинген күндөн тартып алты айдан кечиктирилбестен колдонулушу мүмкүн.".
5. Кодекстин 35-главасы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "35-глава. Бажы иши чөйрөсүндөгү администрациялык укук бузуулар
Берененин тексти 11.06.2004 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1457/st-1" title="1-статья - О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>