19-статья. Добуш берүү үчүн бюллетень
Күчүндө · 21.10.2025 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 ноября 2023 года № 201
1. Кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунда чогулуштун күн тартибиндеги маселелер боюнча добуш берүү бюллетендерди пайдалануу менен же болбосо уставда каралган башка ыкмалар менен жүргүзүлөт.
2. Добуш берүү үчүн бюллетендин мазмуну кооперативдин кеңеши же аткаруу органдары (эгерде кооператив ишин кооперативдин кеңешин түзбөстөн жүзөгө ашырса) тарабынан бекитилет. Добуш берүү үчүн бюллетень кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушуна катышуу үчүн катталган кооперативдин мүчөсүнө (анын өкүлүнө) берилет.
3. Добуш берүү үчүн бюллетень төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш:
- кооперативдин аталышын;
- кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу өтүүчү ордун, датасын жана башталыш убактысын;
- добуш берүүгө коюлган ар бир суроонун түзүлүшүн жана аларды кароонун кезектүүлүгүн;
- добуш берүүгө коюлган "макул", "каршы" же "калыс" деп көрсөтүлгөн ар бир суроо боюнча добуш берүүнүн варианттарын.
Кооперативдин кеңешинин, аткаруу органынын же кооперативдин текшерүү комиссиясынын мүчөсүн шайлоо жөнүндө маселе боюнча добуш берүүнү өткөргөн учурда, добуш берүү үчүн бюллетени анын (алардын) фамилиясын, аты-жөнүн көрсөтүү менен талапкер (талапкерлер) тууралу маалыматты камтууга тийиш.
4. Күн тартибинин ар бир маселеси боюнча добуш берүү үчүн өзүнчө бюллетень даярдалып, ал эсептөө үчүн эсеп комиссиясына тапшырылат. Добуш берүүчүнүн мүмкүн болгон варианттарынын ичинен бирин гана калтырган добушу эсепке алынат. Жогоруда көрсөтүлгөн талапты бузуу менен толтурулган добуш берүү бюллетендери жараксыз деп табылат жана аларда камтылган маселелер боюнча добуштар эсепке алынбайт.
(КР 2023-жылдын 29-ноябрындагы № 201 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 21.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
19-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 29 ноября 2023 года № 201 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О кооперативах""Редакцияларды салыштыруу
29.11.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…берүү үчүн бюллетень
1. Кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунда кошулду: чогулуштун күн алынып салынды: тартибинин маселелери кошулду: тартибиндеги маселелер боюнча добуш берүү алынып салынды: добуш берүү үчүн бюллетендер аркылуу жүзөгө ашырылат.
кошулду: бюллетендерди пайдалануу менен же болбосо уставда каралган башка ыкмалар менен жүргүзүлөт.
2. Добуш берүү үчүн бюллетендин мазмуну кооперативдин кеңеши же … жана аларда камтылган маселелер боюнча добуштар эсепке алынбайт.
кошулду: (КР 2023-жылдын 29-ноябрындагы № 201 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1456/st-19" title="19-статья - Кооперативдер жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>