18-статья. Кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун компетенциясы
Күчүндө · 21.10.2025 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 ноября 2023 года № 201
1. Кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу кооперативди башкаруунун жогорку органы болуп саналат жана кооперативдин ишине тиешелүү бардык маселелерди чечүүгө, анын ичинде кооперативдин кеңешинин жана башкармалыгынын чечимдерин бекитүүгө же жокко чыгарууга укуктуу.
2. Кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун компетенциясына төмөнкүлөр гана кирет:
1) кооперативдин уставын бекитүү жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүү;
2) кооперативдин кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо жана кайра чакыртып алуу, алардын иши жөнүндө отчетторду угуу жана алардын ыйгарым укуктарын токтотуу;
3) кооперативдин аткаруу органын түзүү жана чакыртып алуу;
4) кооперативдин текшерүү комиссиясын шайлоо;
5) кооперативди өнүктүрүү программаларын, жылдык отчетторун жана бухгалтердик баланстарды бекитүү, кирешелерди бөлүштүрүү жана кооперативдин чыгашаларына байланышкан маселелерди кароо;
6) кооперативдин мүчөлөрүнүн үлүштүк мүчөлүк акылардын жана башка төлөмдөрдүн курамын, өлчөмүн жана аларды төгүүлөрүнүн тартибин аныктоо;
7) кооперативдин мүчөлөрүнө карызга акча берүүнүн өлчөмдөрүн жана тартибин бекитүү;
8) наркы кооперативдин уставында аныкталган нарктан ашык болгон кооперативдин кыймылсыз мүлкүн ээликтен ажыратуу боюнча маселелерди кароо;
9) кооперативдин фонддорун түзүү, алардын түрлөрүн, өлчөмдөрүн жана түзүлүш шарттарын аныктоо;
10) кооперативди кайра уюштуруу жана жоюу;
11) кооперативдин башка кооперативдерге, чарбалык шериктиктерге жана коомдорго, бирикмелерге, ассоциацияларга кирүүсү, ошондой эле алардан чыгуу;
12) кооперативдин өкүлчүлүктөрүн жана филиалдарын түзүү жана жоюу;
13) кооперативге мүчөлүккө кабыл алуу же андан чыгаруу жөнүндө акыркы чечим кабыл алуу;
14) кооперативдин уставында аныкталган, ушул Мыйзамга каршы келбеген башка маселелер.
3. Кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу, эгерде ага кооперативдин мүчөлөрүнүн кеминде үчтөн экисинен кем эмеси катышса, ал укуктуу деп таанылат. Эгерде жалпы чогулушта кооперативдин мүчөлөрүнүн керектүү саны жетпесе, ал мурдагы чакырылган чогулуштан кийин 30 күндөн кечиктирилбестен кайрадан чакырылат. Кайрадан чакырылган жалпы чогулуш, эгерде ага кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан кем эмеси катышса, ал укуктуу деп эсептелинет.
4. Кооператив мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунда добуш берүү кооперативдин бир мүчөсү - бир добуш принциби боюнча жүзөгө ашырылат.
5. Кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун гана компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча чечимдер, эгерде кооперативдин уставында башкача каралбаса, кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушуна катышкандардын же алардын ыйгарым укук берилген өкүлдөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
6. Ушул статьянын 2-пунктунун 1, 8, 10-пунктчаларында саналган маселелер боюнча чечимдер кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушуна катышкандардын же алардын ыйгарым укук берилген өкүлдөрүнүн үчтөн экисинин добушу менен кабыл алынат.
7. Кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунда добуш берүүдөгү добуштарды эсептөө үчүн кооперативдин мүчөлөрүнүн ичинен эсептөө комиссиясы шайланат.
8. Эгерде кооперативдин үлүшү бир нече жактын жалпы үлүштүк менчигинде болсо, анда кооператив мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунда добуш берүү боюнча ыйгарым укук алардын караштыруусу боюнча жалпы үлүштүк менчикке катышуучулардын бир, болбосо алардын жалпы өкүлү тарабынан жүзөгө ашырылат. Аталган ар бир жактардын ыйгарым укуктары тийиштүү түрдө жол-жоболоштурулууга тийиш.
9. Кооперативдин мүчөлөрүнүн кезектеги жалпы чогулушу кооперативдин башкармалыгы тарабынан чакырылат жана кооперативдин уставында же анын башка ички актыларында белгиленген мөөнөттө жыл сайын, бирок финансылык жыл аяктагандан кийин 3 айдан кечиктирилбей өткөрүлөт.
10. Кооперативдин мүчөлөрүнүн кезексиз жалпы чогулушу:
- кооперативдин башкармалыгы (төрагасы) тарабынан өзүнүн демилгеси боюнча;
- кооперативдин кеңешинин чечими боюнча;
- кооперативдин текшерүү комиссиясынын талабы боюнча;
- кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы санынын 10 пайыздан кем эмесинин талабы боюнча чакырылат.
11. Кооперативдин кезексиз жалпы чогулушу андай талап билдирилгенден же кооперативдин кеңешинин чечими келип түшкөн күндөн тартып 20 күндүн ичинде кооперативдин башкармалыгы (төрагасы) тарабынан жүзөгө ашырылууга тийиш.
Мындай болбогон учурда, мындай талапты билдирген кооперативдин кеңеши, кооперативдин текшерүү комиссиясы же кооперативдин мүчөлөрү кооперативдин мүчөлөрүнүн кезексиз жалпы чогулушун өз алдынча чакырууга укуктуу.
12. Кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун гана компетенциясына тиешелүү маселенин карала турганы жөнүндө кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу өткөрүлүүчү күндөн кеминде 15 күн мурда кооперативдин бардык мүчөлөрү милдеттүү түрдө кабардар болууга тийиш.
Аталган талап бузулганда кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун чечими укуксуз делип эсептелинет.
13. Кооперативдин ар бир мүчөсү чогулушка өзү же ишеним каты бар өкүлү аркылуу катышууга укуктуу, Мында эгерде кооперативдин мүчөлөрүнүн саны 20га жетпесе, бир өкүл бир гана мүчөнүн таламдарынын атынан чыга алат, эгерде кооперативдин мүчөлөрү 20дан ашык болсо, бир өкүл кооперативдин 3 гана мүчөсүнүн таламдарынын атынан чыга алат. Кооперативдин мүчөсү гана өкүл болушу мүмкүн.
13-1. Кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун жыйынтыгы боюнча протокол түзүлөт, анда жалпы чогулуш кабыл алган бардык чечимдер камтылууга тийиш. Кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун протоколуна жалпы чогулушка катышкан бардык мүчөлөр колдорун коюшу керек. Жалпы чогулуш жана добуш берүү сырттан же болбосо онлайн-форматта өткөрүлгөн учурда, кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушка жана добуш берүүгө катышуусу кооперативдин ички актыларында белгиленген мөөнөттө эсептөө комиссиясы тарабынан документтештирилүүгө тийиш.
14. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле кооперативдин уставын бузуу менен кабыл алынган кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун чечимдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сотко даттанылышы мүмкүн.
(КР 2005-жылдын 25-февралындагы № 37, 2023-жылдын 29-ноябрындагы № 201 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 21.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
18-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 29 ноября 2023 года № 201 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О кооперативах""Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 25 февраля 2005 года № 37 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О кооперативах"Редакцияларды салыштыруу
29.11.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
Кооперативдин алынып салынды: мүчөлөрүнун кошулду: мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун компетенциясы
1. Кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы … атынан чыга алат. Кооперативдин мүчөсү гана өкүл болушу мүмкүн.
кошулду: 13-1. Кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун жыйынтыгы боюнча протокол түзүлөт, анда жалпы чогулуш кабыл алган бардык чечимдер камтылууга тийиш. Кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун протоколуна жалпы чогулушка катышкан бардык мүчөлөр колдорун коюшу керек. Жалпы чогулуш жана добуш берүү сырттан же болбосо онлайн-форматта өткөрүлгөн учурда, кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушка жана добуш берүүгө катышуусу кооперативдин ички актыларында белгиленген мөөнөттө эсептөө комиссиясы тарабынан документтештирилүүгө тийиш.
14. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле кооперативдин … тартипте сотко даттанылышы мүмкүн.
(КР 2005-жылдын 25-февралындагы № алынып салынды: 37 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 37, 2023-жылдын 29-ноябрындагы № 201 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1456/st-18" title="18-статья - Кооперативдер жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>