53-статья. Сүйлөшүүлөр жана келишим түзүү
Күчүн жоготкон · 03.04.2015 редакциясы · 6-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 3 апреля 2015 года № 72.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 июля 2008 года № 172
1. Баа берүү процесси аяктагандан кийин 3 календардык күндүн ичинде сатып алуучу уюм эң көп балл алган консультантты келишим түзүү боюнча сүйлөшүүлөргө чакырат.
2. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө техникалык тапшырма, усулдары, персонал, сатып алуучу уюм тарабынан берилүүчү материалдык-техникалык ресурстар жана келишимдин өзгөчө шарттары талкууланат. Сунуш кылынган баа, ошондой эле чыгашаларды төлөп берүү талкууга алынбайт.
3. Талкуу кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына, алардын наркына жана баштапкы баа берүүнүн маанисине таасирин тийгизбеши үчүн техникалык тапшырманын же келишимдин шарттарынын баштапкы вариантын олуттуу өзгөрүүгө алып келбеши керек. Техникалык тапшырманын акыркы варианты жана макулдашылган усулу келишимдин бир бөлүгү болуп эсептелген "Кызмат көрсөтүүлөрдүн сыпаттамасына" киргизилет.
4. Сунуштардын колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейинки сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө сатып алуучу уюм консультанттан бул мөөнөттү убакыттын айкын мезгилине узартуу жөнүндө сурай алат.
Өз сунуштарынын колдонуу мөөнөтүн узартууга макул болгон консультант сатып алуучу уюм менен макулдашып, негизги персоналды квалификациясы бирдей болгон башка персоналга алмаштырууга укуктуу.
5. Эгерде негизги персонал катары сунуш кылынган адис тажрыйбасы жана квалификациясы жагынан ылайык келбесе, консультант сатып алуучу уюм тарабынан квалификациясынан ажыратылышы мүмкүн, ал эми тандап алуу процесси-рейтинги боюнча экинчи орунду ээлеген консультантты ишке тартуу менен улантылышы, же консультанттарды кайра тандоо өткөрүлүшү мүмкүн.
6. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар келишим түзүү жөнүндө келише алышпаган учурда, сатып алуучу уюм мындай сүйлөшүүлөрдү токтотот жана сүйлөшүүгө рейтингдин чоңдугу боюнча андан кийинки консультантты сүйлөшүүгө чакырат же консультанттарга кайталап тандоо өткөрүлөт.
7. Келишим консультантка сүйлөшүүлөр ийгиликтүү аяктагандан кийин берилет, сатып алуучу уюм башка катышуучуларга алардын сунушу жеңип чыккан сунуш катары тандалып алынбаганы тууралуу дароо кабар берет.
(КР 2008-жылдын 28-июлундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 03.04.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
53-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1455/st-53" title="53-статья - Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>