379-статья. Көзөмөлдүк инстанциядагы соттун токтому
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Көзөмөл тартибинде каралган иш боюнча көзөмөлдүк инстанциядагы сот токтом чыгарат. (2) Токтом кеңеш бөлмөсүндө түзүлөт. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Жазык жана администрациялык иштер боюнча сот коллегиясы тарабынан чыгарылган токтомго ишти кароого катышкан судьялардын баардыгы кол коюшат. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Президиумунун токтомуна төрагалык кылуучу жана судья-баяндамачы кол коет. Өзгөчө учурларда өтө татаал иштер боюнча жүйөлөштүрүлгөн токтом чыгаруу он күнгө чейинки мөөнөткө кийинкиге калтырылышы мүмкүн, бирок токтомдун корутундулоочу бөлүгү кеңеш бөлмөсүндө түзүлөт жана ишти кароого катышкан бардык судьялар тарабынан кол коюлат. (3) Токтом төрагалык кылуучу же судья-баяндамачы тарабынан жарыяланат. Залдагы сот заседаниесине катышкандардын бардыгы токтомду орундарынан туруп угушат. (4) Областтык жана ага теңештирилген соттун президиумдары экинчи инстанциядагы сот катары аракеттенүү менен райондук соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын кайра кароону жүзөгө ашырууда ушул статьяда белгиленген тартипте төрагалык кылуучу жана судья-баяндамачы кол коюшкан токтом чыгарат.".
9. 380-статьянын аталышындагы жана биринчи сүйлөмдөгү "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөгө ылайык "Көзөмөлдүк инстанциядагы соттун" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
10. 381-статьянын аталышындагы, биринчи жана экинчи бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөгө ылайык "Көзөмөлдүк инстанциядагы соттун" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
11. 382 жана 383-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"382-статья. Көзөмөлдүк инстанциядагы соттун токтомдорун жана аныктамаларын аткаруу (1) Көзөмөлдүк инстанциядагы соттун токтому жана аныктамасы алар кабыл алынары менен дароо мыйзамдуу күчүнө кирет жана Кыргыз Республикасынын ушул Кодексинде жана Жазык-аткаруу кодексинде каралган тартипте аткарылат. (2) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Президиумунун жана Жазык жана администрациялык иштер боюнча сот коллегиясынын токтомдору жана аныктамалары акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт. (3) Областтык жана ага теңештирилген соттун президиумдары экинчи инстанциядагы сот катары аракеттенүү менен райондук соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын кайрадан кароону жүзөгө ашыруудагы токтому жана аныктамасы алар кабыл алынган учурдан тартып дароо күчүнө кирет жана Кыргыз Республикасынын ушул Кодексинде жана Жазык-аткаруу кодексинде каралган тартипте аткарылат.
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
379-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Жазык-аткарууКодекс · 13.12.1999 · № 142 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1454/st-379" title="379-статья - О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>