1-статья
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., N 10, 442-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 31-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"31-статья. Соттун курамы (1) Жазык иштерин кароо сот тарабынан коллегиялуу же судья тарабынан жекече каралат. (2) Адамдарды өзгөчө жаза чарасы катары өлүм жазасы колдонулушу мүмкүн болгон кылмыштарды жасагандыгы жагынан айыптоо, жашы жетпегендерди айыптоо боюнча жазык иштерин кароо жазык жана администрациялык иш боюнча биринчи инстанциядагы сот катары аракеттенген областтык соттун сот коллегиясы судьянын төрагалыгы алдында жана экиден кем эмес сот заседателинин катышуусу менен биринчи инстанциядагы сот тарабынан жүзөгө ашырылат. Башка жазык иштери биринчи инстанциядагы соттун судьялары тарабынан жекече каралат. (3) Жазык иштерин апелляциялык тартипте кароо үч судьядан турган курамдагы сот коллегиясы тарабынан жүзөгө ашырылат. (4) Жазык иштерин көзөмөл тартибинде кароо Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Жазык жана администрациялык иштер боюнча сот коллегиясы тарабынан үч судьядан турган курамда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Президиуму тарабынан анын жети мүчөсүнөн кем эмес курамда жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Сот коллегиясынын сот курамы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы, болбосо анын орун басары тарабынан аныкталат. (5) Областтык жана ага теңештирилген соттун Президиумдары экинчи инстанциядагы сот катары аракет кылуу менен райондук соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын кайра кароону президиумдун мүчөлөрүнүн бештен кем эмес курамында жүзөгө ашырат. (6) Судья ишти териштирүүдө сот заседаниесинин башынан тартып аяктаганга чейин алмаштырылбайт. (7) Жазык иши үч судьядан турган курамдагы сот тарабынан каралганда ошол соттун төрагасынын же анын орун басарынын тапшыруусу боюнча алардын бирөө төрагалык кылат. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Президиумунун заседаниесинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы же анын тапшыруусу боюнча президиумдун мүчөлөрүнүн бирөө төрагалык кылат. Областтык жана ага теңештирилген соттун президиумунун заседаниесинде областтык же ага теңештирилген соттун төрагасы же анын тапшыруусу боюнча президиумдун мүчөсүнүн бирөө төрагалык кылат.".
2. 32-статьянын экинчи бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту" деген сөздөрдөн кийин ", областтык сот жана ага теңештирилген сот" деген сөздөр менен толукталып, андан ары текст боюнча кетсин.
3. 264-статьянын экинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"(2) Сотто айыптоону өзгөртүүгө, эгерде мында айыптоо жана коргоо боюнча тараптардын далилдүү талаш-тартышынын жана тең укуктуулугунун принциптери бузулбаса жол берилет".
4. 374-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"374-статья. Даттануулар жана көзөмөл тартибиндеги сунуштар боюнча жазык иштерин караштыруучу сот. Көзөмөлдүк инстанциянын укуктарынын чектери
1) Жазык иштери боюнча биринчи, апелляциялык инстанциядагы соттор, экинчи инстанциядагы сот катары иштеген областтык жана ага теңештирилген сот тарабынан чыгарылган мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларына карата даттануулар жана сунуштар боюнча жазык иштери райондук соттун мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын кароо учурунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Жазык жана администрациялык иштер боюнча сот коллегиясынын сот курамы же Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Президиуму тарабынан каралат.
(2) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жазык иштери жана администрациялык иштер боюнча сот коллегиясы көзөмөл тартибинде экинчи инстанциядагы сот катары кабыл алган областтык жана ага теңештирилген соттордун, "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен процесске катышуучулардын даттануулары жана сунуштары боюнча иштерден бөлөк сот актыларын кайра караштырууну (кароону) жүзөгө ашырат. (3) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Президиуму көзөмөл тартибинде областтык жана ага теңештирилген соттордун сот коллегияларынын биринчи инстанциядагы сот катары караштырылган иштери боюнча сот актыларын, анын ичинде ушул эле иштер боюнча процесске катышуучулардын даттануулары жана сунуштары боюнча ошол эле соттордун президиумдарында кайра караштырылган (каралган) сот актыларын кайра караштырууну (кароону) жүзөгө ашырат. (4) Эгерде райондук соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимине карата даттануу же прокурордун сунушу областтык сот тарабынан каралбаса, анда даттануу же сунуш кароо үчүн областтык же ага теңештирилген соттун президиумуна жөнөтүлүүгө тийиш. (5) Көзөмөл тартибинде жазык ишин кароодо сот көзөмөлдүк даттануунун же сунуштун жүйө далилдерине кайрылбайт жана жазык иши боюнча бүткүл өндүрүштү толук көлөмдө текшерүүгө укуктуу. (6) Эгерде жазык иши боюнча бир нече адам соттолсо, ал эми көзөмөлдүк даттануу же сунуш алардын бири же алардын кээ бирөөлөрү боюнча гана берилсе, көзөмөлдүк инстанциядагы сот жазык ишин баардык соттолгондор боюнча текшерүүгө укуктуу. (7) Көзөмөлдүк инстанциядагы сот көзөмөлдүк тартипте жазык ишин кароодо соттолгонго дайындалган жазаны жеңилдетүүгө же анча оор эмес кылмыш жөнүндө жазык мыйзамын колдонууга укуктуу.".
5. 42-глава төмөнкүдөй мазмундагы 374-1-статья менен толукталсын:
"374-1-статья. Райондук (шаардык) соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларына карата даттануулар жана сунуштар боюнча жазык иштерин караштыруучу сот Райондук, шаардык соттордун (биринчи инстанциядагы соттордун) мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларына карата даттануулар жана сунуштар боюнча жазык иштери областтык жана экинчи инстанциядагы сот катары иштеген ага теңештирилген соттун президиуму тарабынан кайра каралат (каралат).".
6. 375-статьяда:
биринчи бөлүк "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна" деген сөздөрдөн кийин ", областтык же ага теңештирилген сотуна" деген сөздөр менен толукталсын; экинчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "(2) Даттануу жана сунуштама областтык жана ага теңештирилген сот тарабынан алар келип түшкөн күндөн тартып бир айдан ашпаган мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан каралат.".
7. 377-статьянын төртүнчү бөлүгү алынып салынсын;
8. 378 жана 379-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"378-статья. Көзөмөлдүк инстанциядагы иштерди сот тарабынан кароо тартиби (1) Көзөмөлдүк даттануу же сунуштама менен иш келип түшкөндө көзөмөлдүк инстанциядагы соттун төрагасы же анын орун басары соттун курамын дайындайт, иш боюнча төрагалык кылуучуну жана баяндамачы-судьяны аныктайт, ага ишти даттануу (сунуш) жана башка материалдар менен бирге өткөрүп берет. Судья-баяндамачы ишти, даттанууну жана сунуштаманы иликтеп чыгып, сот заседаниесин дайындоо жөнүндө токтом чыгарат, анда сот заседаниесинин убактысы жана орду, заседаниеге чакырыла турган адамдар көрсөтүлөт. (2) Иш каралуучу күн жөнүндө көзөмөлдүк инстанциядагы сот тараптарга маалымдайт. Тараптардын келбей калышы ишти кароого жолто кылбайт. Сот заседаниесине камакта турган айыпталуучунун (күнөөсүнүн) катышуусу жөнүндөгү маселе көзөмөлдүк инстанциядагы сот тарабынан чечилет. (3) Жазык иштери көзөмөлдүк инстанциядагы сот тарабынан ушул Кодекстин 31-статьясында аныкталган курамдарда каралат. (4) Төрагалык кылуучу жазык ишин кароо үчүн белгиленген убакытта сот заседаниесин ачат жана кайсы иш териштириле тургандыгын жарыялайт. (5) Сот заседаниесинин катчысы процесстин маалымдалган катышуучуларынын тизмесин жарыялайт жана аталган адамдардын ичинен кимдер келгендигин жана келбегендердин себептерин билдирет. Төрагалык кылуучу процесстин катышуучуларынан ишти кароонун мүмкүнчүлүгү жөнүндө пикирлерин сураштырат. Сот соттун заседаниесинин залында эле же кеңеш бөлмөсүнө барып сот заседаниесин улантуу жөнүндө же аны кийинкиге калтыруу тууралу аныктама чыгарат. Аныктама төрагалык кылуучу тарабынан жарыяланат жана сот заседаниесинин протоколуна киргизилет. (6) Төрагалык кылуучу соттун курамын, сот заседаниесинин катчысынын, прокурордун, котормочунун фамилияларын жарыя кылат жана иш боюнча келген адамдардан аларда баш тартуу тууралу арыздын бар же жоктугун сурайт. Баш тартуу тууралу арыз ушул Кодекстин 73-статьясына ылайык айрым документтерге аныктама киргизүү түрүндө кеңеш бөлмөсүндө сот тарабынан чечилет. (7) Төрагалык кылуучу иш боюнча келген адамдардан аларда өтүнүч бардыгы тууралу сурайт. Билдирилген өтүнүч боюнча сот аныктама чыгарат, ал сот заседаниесинин протоколуна жазылат. (8) Судья-баяндамачы иштин маңызын, даттануунун негизги жүйө далилин, сунуштамаларды, аларга каршы пикирлерди баяндайт, кошумча материалдарды жарыялайт. Судьялар баяндамачыга суроо бералат. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Президиумунун, областтык жана ага теңештирилген соттун президиумдарынын заседаниесинде судья-баяндамачы катары тиешелүү соттун президиумунун мүчөсү гана сүйлөй алат. (9) Сот даттануу же сунуштама берген тараптардын, андан кийин башка тараптардын сөздөрүн угат. Судьялар тараптарга суроолорду берүүгө укуктуу. (10) Тараптар сүйлөп бүтүшкөндөн кийин судьялар кеңеш бөлмөсүнө кетишет. (11) Көзөмөлдүк инстанциядагы соттун чечими кеңеш бөлмөсүндө ачык добуш берүү менен кабыл алынат. Судья калыс калууга же добуш берүүгө катышпай коюуга укуксуз. Сот заседаниесинде төрагалык кылуучу добушту акырында берет. Көзөмөлдүк инстанциядагы соттун чечими, эгерде ал үчүн судьялардын көпчүлүгү добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелет. (12) Көзөмөлдүк инстанциядагы сот заседаниесинде протокол жазылат, ага сот заседаниесинде төрагалык кылуучу жана катчы кол коюшат. (13) Сот заседаниесинин иш тартиби жана тартип бузуучуларга карата көрүлгөн чаралар ушул Кодекстин 269, 271-статьяларында каралган эрежелер менен аныкталат. (14) Областтык жана ага теңештирилген соттун президиуму экинчи инстанциядагы сот катары иштөө менен ушул статьяда каралган тартипте райондук соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын кайра кароону жүзөгө ашырат.
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндөЗакон · 18.07.2003 · № 153 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1454/st-1" title="1-статья - О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>