9-статья. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлеринин укуктук абалы
Күчүн жоготкон · 25.01.2010 редакциясы · II Бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 25 янаря 2010 года № 9.
Баңги заттарды контролдоо боюнча органда кызматта турган, белгиленген тартипте атайын наам ыйгарылган адам анын кызматкери болуп саналат, ага ушул Мыйзамдын жоболору жайылтылат. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлеринин атайын наамы аскер наамына теңештирилет. Атайын наамдардын тизмеги Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен, ал эми аларды ыйгаруу тартиби - Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленет. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкери бийликтин өкүлү болуп саналат жана мамлекеттин коргоосунда турат. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкеринин мыйзамдуу талаптары жарандардын жана кызмат адамдарынын аткаруусу үчүн милдеттүү болуп саналат. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкеринин мыйзамдуу талаптарын аткарбоо, мазактоо, каршылык көрсөтүү, уруп-сабайм деп коркутуу же анын өмүрүнө, ден соолугуна, аброюна жана беделине доо кетирүү жана ага жүктөлгөн милдеттерди аткарууга тоскоол болгон дагы башка аракеттери жана анын кызматтык милдетин аткаруусуна байланыштуу анын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жакын туугандарына кандай гана зыян келтирүү коркунучу болбосун, мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келет. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерине жана пенсионерлерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актылары менен Кыргыз Республикасынын аскер кызматкерлерине жана Куралдуу Күчтөрдүн пенсионерлерине каралган бардык жеңилдиктер жайылтылат.
Берененин тексти 25.01.2010 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1438/st-9" title="9-статья - Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>