10-статья. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлеринин жоопкерчилиги
Күчүн жоготкон · 25.01.2010 редакциясы · II Бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 25 янаря 2010 года № 9.
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлери өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде өз алдынча чечим кабыл алышат жана мыйзамга ылайык өздөрүнүн укукка каршы аракеттери же аракетсиздиги үчүн жоопкерчилик тартышат. Эгерде кызматкерге мыйзамга карама-каршы келген буйрук же тескеме берилсе, ал мыйзамды жетекчиликке алууга милдеттүү. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкеринин иш-аракети формалдуу түрдө укукка карама-каршы жосунга туура келген учурда мыйзам бузулду деп табылбашы мүмкүн, эгерде алар өзүн актаган кесиптик тобокелге салуу абалында жасалса. Эгерде жасалган иш-аракет объективдүү түзүлгөн жагдайдан келип чыкса, ал эми мындай иш-аракетти жасамайын мыйзамдуу максатка жетүү мүмкүн болбосо жана мындай тобокелге салууга жол берген баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкери түзүлгөн кырдаалда келтирилүүчү зыянды болтурбоо үчүн бардык мүмкүн болгон чараларды көрсө, тобокелге салуу өзүн актаган деп таанылат.
Берененин тексти 25.01.2010 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1438/st-10" title="10-статья - Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>