14-статья. Ок атуучу куралды колдонуу жана пайдалануу
Күчүн жоготкон · 25.01.2010 редакциясы · III Бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 25 янаря 2010 года № 9.
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерине табелдик ок атуучу куралды сактоого жана алып жүрүүгө укук берилет. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлеринин табелдик ок атуучу куралды алып жүрүшүнүн жана сакташынын тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлери тарабынан ок атуучу курал төмөндөгүдөй учурларда колдонулат:
1) жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген кол салуудан коргоо, ошого тете барымтага алынгандарды бошотуу үчүн;
2) баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерине же коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматтык милдеттерин аткарып жүргөн дагы башка адамдарга, топтошкон же куралдуу кол салуунун, ошондой эле алардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген башка кол салуунун мизин кайтаруу үчүн;
3) мамлекеттик жана коомдук органдардын, ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин кайтаруудагы объектилерине, имарат жайларына жана имараттарына топтошкон же куралдуу кол салуунун, укук коргоо органдарынын аскердик же кызматтык тобуна кол салуунун мизин кайтаруу үчүн;
4) куралдуу каршылык көрсөткөн адамдарды болбосо кылмыш үстүнөн кармалгандарды, камактан качкандарды (администрациялык камактагылардан тышкарыларды) кармоо үчүн, ошондой эле куралын таштоо жөнүндө мыйзамдуу талаптарды аткаруудан баш тарткандарды кармоо үчүн.
Куралды колдоноордун алдында, эреже катары аны колдоно тургандыгы тууралу эскертилүүгө тийиш. Капыстан же куралдуу кол салууда, аскердик техниканы, транспорт каражаттарын, учуучу аппараттарды, кемелерди пайдаланып кол салууда, барымтадагыларды куткарууда, камактан курал менен же транспорт каражаттарын пайдаланып качууда, ошондой эле камактагы адамдар транспорт каражаттарынан ал жүрүп баратканда качкан учурда курал эскертүүсүз колдонулат. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлери куралды төмөндөгүдөй учурларда колдонууга укугу бар:
1) эгерде айдоочу жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирип жана баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлеринин талаптарына баш ийбесе, транспорт каражаттарын бузуу жолу менен токтотуу үчүн;
2) жаныбарлардын кол салуусунан коргонуу үчүн;
3) айгай салуу белгисин берүү, жардам чакыруу үчүн, ошондой эле эскертип ок чыгаруу үчүн.
Аялдарга жана жашы жете электерге карата курал колдонууга алар куралдуу кол салгандан, куралдуу каршылык көрсөткөндөн, адамдарды, транспорт каражаттарын барымталагандан болбосо өмүргө коркунуч келтирип топтошуп кол салгандан башка учурларда тыюу салынат. Эгерде баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкери түзүлгөн жагдайда курал колдонуу мүмкүнчүлүгү бар деп эсептесе, куралды кабынан чыгарып, даярдап коюуга укугу бар. Курал колдонулган жана пайдаланылган бардык учурларда баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкери айланасындагы жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга, жабыр тарткандарга медициналык шашылыш жардам көрсөтүлүшү үчүн зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкери ок атуучу куралды колдонгон ар бир учур жөнүндө ал колдонулган учурдан тартып 24 сааттын ичинде өзүнүн тике начальнигине рапорт берүүгө милдеттүү.
Берененин тексти 25.01.2010 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1438/st-14" title="14-статья - Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>