13-статья. Атайын каражаттарды колдонуу
Күчүн жоготкон · 25.01.2010 редакциясы · III Бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 25 янаря 2010 года № 9.
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлери алардын куралдануусунда болгон атайын каражаттарды төмөндөгүдөй учурларда колдонушат:
1) жеке адамдарга баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерине жана коомдук тартипти камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматтык же коомдук милдетин аткарып жүргөн башка адамдарга кол салуунун мизин кайтаруу үчүн;
2) баңги заттарды контролдоо боюнча органдын имараттарына, курулмаларына, имарат жайларына, транспорт каражаттарына кол салуунун мизин кайтаруу үчүн;
3) эгерде укук бузуучулар баңги заттарды контролдоо боюнча органдын "кызматкерлерине баш ийбесе же каршылык көрсөтсө, кармалгандарды жана - камакка алынгандарды коштоп жүрүү жана кайтаруу үчүн болбосо эгерде алардын качып кетиши же айланасындагыларга же өзүнө зыян келтириши мүмкүн деп ойлоого негиздер болсо, ошондой эле баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерине өздөрүнө мыйзам тарабынан жүктөлгөн милдеттерди жүзөгө ашырууга атайылап тоскоолдук кылган адамдарды кармоо үчүн.
Өмүргө коркунуч келтирип кол салгандан, тобу менен кол салгандан болбосо куралдуу каршылык көрсөткөндөн башка учурларда аялдарга, жаш балдарга, майып экендиги ачык көрүнүп турган адамдарга карата атайын каражаттарды колдонууга тыюу салынат. Атайын каражаттардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Берененин тексти 25.01.2010 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1438/st-13" title="13-статья - Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>