Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин мамлекеттик кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 29 августа 2022 года № 474 "О внесении изменений в некоторые решения Кабинета Министров Кыргызской Республики, регулирующие условия оплаты труда работников бюджетной сферы"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-08-29.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 2-майы № 201 Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин мамлекеттик кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө
Статистикалык маалыматтардын сапатын жогорулатуу, статистикалык маалыматтарды чогултууну жакшыртуу үчүн шарттарды түзүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин мамлекеттик кызматчыларынын кызматтык маяналарын эсептөө үчүн негиз болуп саналган минималдык базалык ставка 5 000 сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин мамлекеттик кызматчыларынын кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселүүлүк коэффициенттери, 1-тиркемеге ылайык.
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин мамлекеттик кызматчыларынын кызматтык маяналарына класстык чиндери үчүн үстөктөрдүн өлчөмдөрү, 2-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин мамлекеттик кызматчыларынын кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөрдүн өлчөмдөрү, 3-тиркемеге ылайык;
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин мамлекеттик кызматчыларына төмөнкүлөр төлөнө тургандыгы белгиленсин:
- өргүүгө чыгууда – ден соолугун чыңдоого эки айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө жөлөкпул;
- календарлык жылдын аягында - орточо айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы;
- иштин жашыруун мүнөзү жана жашыруун иш кагаздарын жүргүзүү үчүн кызматтык маяналарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте пайыздык үстөк;
- бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын болгон алыска зоналарда жашаган жана иштегендерге - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык үстөк.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемесинин 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогоруда аталган токтомдун 6-тиркемесинин 7-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети,” деген сөздөр алып салынсын;
- жогоруда аталган токтомдун 10-тиркемесинин 27-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
М.Д. Абылгазиев
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин мамлекеттик кызматчыларынын кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселүүлүк коэффициенттери
№
Кызмат орундарынын категориясы
Кызмат орундарынын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн аталышы
Эселүүлүк коэффициенти
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин борбордук аппараты
1.
П-Д
Төрага
5,99
2.
В-А
Төраганын биринчи орун басары, төраганын орун басары
5,76
3.
В-Б
Аппарат жетекчиси
5,54
4.
Г-А
Башкармалыктын начальниги, бөлүм башчысы
4,54
5.
Г-Б
Башкармалыктагы бөлүм башчысы, пресс-катчы
4,12
6.
С-А
Сектор башчысы, коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу
3,73
7.
С-Б
Башкы адис
3,39
8.
М-А
Жетектөөчү адис
3,09
9.
М-Б
Адис
2,81
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин облустардагы жана Бишкек жана Ош шаарларындагы аймактык органдары
10.
Г-А
Жетекчи
3,71
11.
Г-Б
Жетекчинин орун басары
3,36
12.
С-А
Бөлүм башчысы
3,05
13.
С-Б
Башкы адис
2,77
14.
М-А
Жетектөөчү адис
2,53
15.
М-Б
Адис
2,30
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин райондордогу жана шаарлардагы аймактык органдары
16.
Г-Б
Жетекчи
3,19
17.
С-А
Сектор башчысы
2,89
18.
С-Б
Башкы адис
2,63
19.
М-А
Жетектөөчү адис
2,40
20.
М-Б
Адис
2,18
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин мамлекеттик кызматчыларынын кызматтык маяналарына класстык чиндери үчүн үстөктөрдүн өлчөмдөрү
№
Класстык чин
Үстөктөрдүн өлчөмдөрү (сом менен)
1. Жогорку кызмат орду
1.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси
1800
2.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси
1700
3.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси
1600
2. Башкы кызмат орду
4.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси
1400
5.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси
1300
6.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси
1200
3. Улук кызмат орду
7.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы инспектору
1000
8.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы инспектору
900
9.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы инспектору
800
4. Кенже кызмат орду
10.
Мамлекеттик жарандык кызматтын кенже инспектору
600
3-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин мамлекеттик кызматчыларынын кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөрдүн өлчөмдөрү
№
Иш стажы
Иштеген жылдар үчүн пайыздык үстөктөрдүн өлчөмдөрү
1.
1 жылдан 3 жылга чейин
5%
2.
3 жылдан 5 жылга чейин
10%
3.
5 жылдан 10 жылга чейин
15%
4.
10 жылдан 15 жылга чейин
20%
5.
15 жылдан 20 жылга чейин
25%
6.
20 жылдан 25 жылга чейин
30%
7.
25 жылдан жогору
40%
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 "Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын жөнгө салуучу Кыргыз…Постановление · 29.08.2022 · № 474
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө…Постановление · 01.03.2017 · № 131 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 "Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын жөнгө салуучу Кыргыз…Постановление · 29.08.2022 · № 474
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө…Постановление · 01.03.2017 · № 131 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон