328-4-статья. Инвестициялык жана мамлекеттик эмес пенсиялык фонддор тарабынан анын мүлкүн эсепке алуу жана сактоо боюнча талаптарды бузуусу
Күчүн жоготкон · 09.03.2004 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Инвестициялык жана мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун мүлкүн эсепке алуу жана сактоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактабоо, ага тете эле баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген мүлктү сактоону жана баалуу кагаздарга укукту эсепке алууну бузуу, - кызмат адамдарына эң аз айлык акынын жыйырмадан элүүгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эң аз айлык акынын эки жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза берилгенден кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, - кызмат адамдарына эң аз айлык акынын элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эң аз айлык акынын беш жүздөн миңге чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.". 2. Кодекс төмөндөгүдөй мазмундагы 335-1-статья менен толукталсын: "335-1-статья. Маалыматтарды ачуу тартибин бузуу Эмитенттин, баалуу кагаздардын кесиптик катышуучусунун баалуу кагаздар рыногундагы маалыматтарды ачуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды сактабоосу, - баалуу кагаздар эмитентинин кызмат адамдарына - эң аз айлык акынын ондон отузга чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактар - баалуу кагаздар эмитенттерине - эң аз айлык акынын жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө; баалуу кагаздар рыногунун кесиптик катышуучуларынын кызмат адамдарына - эң аз айлык акынын ондон элүүгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактар - баалуу кагаздар рыногунун кесиптик катышуучуларына - эң аз айлык акынын жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза берилгенден кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, - баалуу кагаздар эмитентинин кызмат адамдарына - эң аз айлык акынын отуздан жүзгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактар - баалуу кагаздар эмитенттерине - эң аз айлык акынын беш жүздөн миңге чейинки өлчөмүндө; баалуу кагаздар рыногунун кесиптик катышуучуларынын кызмат адамдарына - эң аз айлык акынын элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактар - баалуу кагаздар рыногунун кесиптик катышуучуларына - эң аз айлык акынын беш жүздөн миңге чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
Берененин тексти 09.03.2004 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
328-4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1403/st-328-4" title="328-4-статья - О внесении дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>