75-берене. Банктын арызга карата пикири
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы · 3-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
1. Банк арызга каршы экендигин тастыктаган каршы пикирлери тиркелген документтерди жана арыз ээсине бул пикирдин көчүрмөсү ал пикир ишти кароо күнү тапшырылышын камсыздоочу мөөнөттө жиберилгендигине далилдерди тиркөө менен кредитордун, Улуттук банктын арызына болгон пикирин сотко жөнөтүүгө укуктуу.
2. Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинде каралган маалыматтардан тышкары, банктын пикиринде төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) арыз берүүчүнүн талаптары боюнча банктын каршы пикирлери;
2) банктын кредиторлордун алдындагы милдеттенмелери боюнча карыздарынын жалпы суммасы;
3) банкта болгон мүлк жөнүндө, анын ичинде банктардагы жана башка финансы-кредиттик уюмдардагы анын эсептерине салынган акча каражатгары жөнүндөгү маалыматтар, банктардагы жана башка финансы-кредиттик уюмдардагы эсептердин номерлери жана алардын почталык дареги;
4) арыздын кабыл алынгандыгы жөнүндө сот аныктама чыгарганга чейин, алардын карызкор тарабынан таанылышы учурунда, арыз берүүчүнүн талаптарынын канааттандырылганына далилдер;
5) банк банкроттук жөнүндөгү иштин туура чечилиши үчүн зарыл деп эсептеген башка маалыматтар, ошондой эле банкта болгон өтүнмөлөр.
3. Банктын пикиринин жоктугу банкроттук жөнүндө иштин каралышы үчүн тоскоолдук болбойт.
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
75-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Жарандык процесстик кодексиКодекс · 29.12.1999 · № 146 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1399/st-75" title="75-берене - Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>