74-берене. Кредиторлордун талаптарын камсыз кылуу боюнча чаралар
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы · 3-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 30 июля 2013 года № 178
1. Сот Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинде каралган төмөндөгү чараларды кабыл алууга укуктуу:
1) карыздарды төлөөгө жана банктын активдерин камап коюуга тиешелүү бардык соттук жана башка аракеттерди аткарууну токтотуу жөнүндө аныктаманы чыгарууга (ушул Мыйзамдын 71-беренесинин 5-пунктунда көрсөтүлгөн жактардын аракеттерин эске албаганда);
2) соттун, Улуттук банктын же консерватордун макулдугусуз мүлктү ажыратууга же тескөөгө байланыштуу бүтүмдөрдү: мүлктү ижарага, күрөөгө өткөрүп берүү, мүлктү карызкордун уставдык капиталына салым катары киргизүү; зайымдарды (кредиттерди) алууга жана берүүгө, кепилдиктерди жана гарантияларды берүүгө, талап кылууга укуктарды экинчи бирөөгө ыйгарууга, карыздарды которууга, ошондой эле банктын мүлкун ишеним боюнча башкарууну уюмдаштырууга байланыштуу бүтүмдөргө келишүүгө банктын башкаруу органдарына тыюу салууга;
3) соттун, Улуттук банктын же консерватордун макулдугусуз: банкты жоюу; филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүү жөнүндө; дивиденддерди төлөө; банк тарабынан облигацияларды жана башка эмиссиялык баалуу кагаздарды жайгаштыруу; банктын катышы барлар курамынан чыгуу; акционерлерден мурда чыгарылган акцияларды сатып алуу; ассоциацияларга, союздарга, холдинг компанияларына, финансы-өнөр жай топторуна жана юридикалык жактардын жана башка бирикмелерине катышуу тууралу чечимдерди кабыл алуусуна банктын башкаруу органдарына тыюу салууга;
4) банктын мүлкүнүн сакталып турушун камсыз кылууга багытталган башка чараларга.
2. Кредиторлордун талаптарын камсыз кылуу боюнча чаралар, сот тарабынан банкты банкрот деп таануу жөнүндө чечим кабыл алынганга же сот тарабынан банкты банкрот деп таануудан баш тартуу тууралу чечим кабыл алынганга чейин колдонулат.
3. Сот банкроттук жөнүндө ишке катышкан жактын өтүнмөсү (арызы) боюнча кредиторлордун талаптарын камсыз кылуучу чараларды ушул берененин 2-пунктунда каралган жагдайлар келип жеткенге чейин жокко чыгарууга укуктуу.
(КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 178 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
74-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеде аталган актылар (1)
- Жарандык процесстик кодексиКодекс · 29.12.1999 · № 146 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1399/st-74" title="74-берене - Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>