59-берене. Банкроттоо процессинин аякташы
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы · 3-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
1. Атайын администратор өзүн атайын администратордун милдеттерин аткаруудан бошотуу жөнүндө арыз менен сотко төмөнкү учурларда кайрылууга укуктуу, эгерде ал:
1) жоюу мезгилинде анын пикири боюнча топтоого (төлөөгө) мүмкүн болгон банктын бардык активдерин чогулткан болсо (же алардын акысын алса);
2) жоюуну ишке ашыруу мезгилинде алгылыктуу рыноктук баада бардык активдерди сатып өткөргөн болсо (б.а. сатуудан түшкөн каражат, жок дегенде сатууга байланыштуу кеткен чыгашалардан ашкан учурларда);
3) алгылыктуу рыноктук баада сатууга мүмкүн болбогон бардык активдерди ушул берененин талаптарына ылайык бөлүштүрсө;
4) күрөө менен камсыз болгон кредиторлордун ээлигине алар укуктуу болгон бардык активдерди өткөрүп берсе;
5) активдерди сатуудан түшкөн каражаттардан ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык бардык административдик чыгашаларды төлөгөн болсо;
6) активдерди сатуудан түшкөн каражаттардан ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык, кредиторлордун талаптарынын мүмкүн болушунча көпчүлүк бөлүгүн төлөй алса;
7) ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык өзүнүн отчетун сотко жана Улуттук банкка даярдап берсе;
8) ушул Мыйзамдын жана тийиштүү ченемдик актылардын ичиндеги башка талаптарын аткарган болсо.
2. Эгерде банктын активдери келишимдин негизинде үчүнчү тараптарда болсо жана атайын администратор аларды белгиленген тартипте сатып өткөрө албаса (үчүнчү тарапка ижарага берилген жана ижарага берүү мөөнөтүн жоюу процесси бүткөндөн кийин гана келип жеткен активдерди кошкондо), атайын администратор бул активдерди алгылыктуу рыноктук баада тиешелүү үчүнчү тарапка сатууга укуктуу.
3. Бардык кредиторлордун талаптарын канааттандыргандан кийин калган мүлк атайын администратордун арызы боюнча сот тарабынан ээси жок деп табылып жана мыйзам актыларына ылайык бөлүштүрүлөт.
4. Эгерде атайын администратор банктын активдерин белгиленген тартипте алгылыктуу рыноктук баа боюнча сата албаса же ушул берененин 2, 3-пункттарында көрсөтүлгөн жактарга сата (өткөрө) албаса, анда бул активдер ээси жок деп эсептелет жана атайын администратор бул активдерди Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин талаптарына ылайык тескөөгө тийиш. Өндүрүп алууга же сатууга жатпаган банктын дебитордук карызы баалуулукка жатпаган катары эсептелшпи жана эсептен чыгарылышы мүмкүн.
5. Ушул берененин 2, 3-пункттарына ылайык банктын активдерин кабыл алып жаткан жак бул активдерге карата банктын болгон укуктарын кошо алат.
6. Эгерде калк үчүн потенциалдуу коркунуч келтирген активдерди, ушул берененин 2, 3-пункттарында каралган тартипте тигил же бул жактарга өткөрүп берүүгө мүмкүн болбосо, атайын администратор бул активдерди өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик органдын тескөөсүнө өткөрүп берет.
7. Эгерде активдер келечекте банк тарабынан үчүнчү жактардан алынууга тийиш болсо (келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтүн жоюу жол-жобосу бүткөндөн кийин келип жетсе), анда атайын администратор бул активдерге карата укукту ушул Мыйзамда белгиленген тартипте мүмкүнчүлүккө жараша сатууга милдеттүү.
8. Эгерде жоюу процесси аяктаган учурга карата тигил же бул активдер аныкталбаган же атайын администраторго белгилүү болбогон болсо, анда атайын администратор бул активдерди кредиторлордун атынан алууга укутун сактап калат.
9. Жоюу бүткөндөн кийин, атайын администратордун чыгашаларын эсептен алып салуудан кийинки алынган активдер атайын администратордун отчетунда көрсөтүлгөн кредиторлорго белгиленген тартипте бөлүштүрүлөт, мында арыздарын жоюу жол-жобосу аяктагандан кийин беришкен кредиторлордун негиздүү талаптарын кошумча канааттандыруу жүргүзүлөт. Бул учурда атайын администратор активдерди алгандыгы жөнүндө же ошол активдерди сатуудан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндөгү өз ниети тууралу билдирмени жарыялоого, же чоң суммадагы активдер алынган жана анын наркы билдирмени жарыялоого кеткен чыгымды аяктаган учурларды эске албаганда, талаптары канааттандырылбаган башка кредиторлорду издөөгө милдеттүү эмес.
10. Атайын администратор өзүнүн бардык, анын ичинде ушул берененин 1-пунктунда каралган милдеттерди аткаруудан кийин соттун чечими боюнча милдеттерди аткаруудан бошотулат, бирок ага чейин ал жоюу жөнүндө отчетту даярдап, соттун кароосуна берүүгө тийиш. Жоюучуну өз милдеттеринен бошотуу жөнүндө соттун чечими менен банктын бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук боюнча документтерин жана жоюу жол-жобосуна тиешелүү башка иш-кагаздарды сактоо орду аныкталат.
11. Банкка карата банкроттук процесси банктын бардык активдери жокко чыгарылып, ал эми активдерди жок кылуудан түшкөн каражаттар банктын кредиторлоруна төлөнгөн же банктын кредиторлоруна кийин төлөнүп берилиши үчүн сактап туруу максатында Улуттук банкта депонирленет.
12. Сот банкроттоо процесси аякталгандыгы тууралу чечим чыгаргандан кийин жоюу аяктады деп эсептелинет. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бул жакты юридикалык жактардын мамлекеттик реестринен чыгаруу жөнүндө тийиштүү жазууну киргизет. Банкка карата банкроттоо процессинин бүткөндүгү жөнүндө соттун чечими республикалык массалык маалымат каражаттарында жарыяланат.
IV-Бөлүм. Банкты мажбурлап жоюу жөнүндө иштерди сотто териштирүү
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
59-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1399/st-59" title="59-берене - Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>