58-берене. Атайын администратордун отчету
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы · 3-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
1. Кредиторлор менен бардык эсептешүүлөрдү бүткөрүүдөн жана ушул Мыйзамда каралган башка милдеттерди аткаруудан кийин атайын администратор сотко, кредиторлор комитетине жана Улуттук банкка өз ишинин натыйжалары жөнүндө отчет берет.
2. Отчетко төмөнкүлөр тиркелүүгө тийиш:
1) жоюу балансы;
2) кредиторлордун талаптарынын реестри жана канааттандырылган талаптардын суммасын көрсөтүү менен аларды кароонун натыйжалары;
3) банктын калган мүлктөрүн (активдерин) пайдалануу тууралу документтер;
4) өндүрүп алууга мүмкүн болбогон катары алынып салынган же тиешелүү негиздөөлөрдү тиркөө менен баалуулукка жатпаган катары эсептелинген активдердин документтери;
5) атайын администратор алган сыйакылар жөнүндө документтер;
6) административдик чыгашалардын негиздүүлүгүн жана максатка ылайыктуу жумшалгандыгын тастыктаган документтер;
7) банктын жетекчилеринин жана катышы барлардын укукка жатпаган аракеттери (эгерде андайларга жол берилсе) жөнүндө маалыматтар;
8) зарыл башка маалыматтар.
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
58-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1399/st-58" title="58-берене - Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>