20-берене. Өз эрки менен жоюлууну (өзүнөн-өзү жоюлууну) өткөрүүнүн тартиби
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы · 2-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
1. Банктын өз эрки менен жоюлуу (өзүнөн-өзү жоюлуу) жол-жобосу Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде каралган негиздерде жана Улуттук банктын макулдугу менен соттук эмес тартипте өткөрүлөт.
Банкка катышы барлар тарабынан, банктын ишин токтотуу жана өзүнөн-өзү жоюлуу тууралу белгиленген тартипте чечим кабыл алынган учурда, банк катышы барлардын чечиминин негизинде банктык лицензияларды кайтарып алуу өтүнүчү менен Улуттук банкка кайрылат. Мындай чечим банкка катышы барлар тарабынан катышы барлардын добушунун жалпы санынын кеминде үчтөн экиси менен кабыл алынат. Өзүнөн-өзү жоюлуу жөнүндөгү чечим төлөөгө жөндөмдүү банкка гана катышы барлар тарабынан кабыл алынышы мүмкүн. Өтүнмөгө банкты өз ишин токтотууга даярдоо мөөнөттөрүн көрсөтүү менен акционерлердин жалпы чогулушу тарабынан бекитилген иш-чаралардын кылдат иштелип чыккан планы, кредиторлордун талаптарын канааттандыруунун тартиби жана мөөнөттөрү, анын милдеттенмелери боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн банктын жетиштүү каражаттары жөнүндө күбөлөндүрүлгөн баланстык отчету жана тизмеси Улуттук банк тарабынан аныкталган башка тиешелүү маалыматтар кошо тиркелүүгө тийиш.
2. Улуттук банк бир айлык мөөнөттө өтүнмөнү кароого жана тиешелүү чечимди кабыл алууга милдеттүү.
3. Банктын өзүнөн-өзү жоюлуусу, банктын өтүнмөсүн канааттандыруудан улам, банктык лицензияларды кайтарып алуу тууралу Улуттук банк чечим кабыл алган учурдан тартып башталды деп эсептелинет. Улуттук банктын макулдугусуз, банктык лицензия банкка кайтарылып берилбейт жана ал өзүнөн-өзү жоюлууга алып келбейт.
4. Өзүнөн-өзү жоюлуу башталгандан кийин банкка катышы барлар Улуттук банк менен макулдашып, жоюу комиссиясын (жоюучуну дайындайт) түзөт, банктын активдерин башкаруу боюнча ыйгарым укуктары жана иштери ага өтөт. Өз эрки менен жоюлуу (өзүнөн өзү жоюлуу) жолжобосун жүргүзүү жана банктын кредиторлору менен эсептешүүлөр үчүн жоюу комиссиясы (жоюучу) жоопкерчилик тартат.
5. Өзүнөн-өзү жоюлуу жол-жобосун башынан өткөрүп жаткан банктын жоюу комиссиясы (жоюучусу) Улуттук банкка анын суроо - талабы боюнча кандай маалыматтар болбосун берүүгө жана Улуттук банкка банктын имаратына кирүү мүмкүнчүлүгүн, отчеттор, бухгалтердик жана башка кандай болбосун жазуулар менен таанышуусун камсыз кылат.
6. Эгерде өзүнөн-өзү жоюлууну жүргүзүү боюнча иш-чаралардын планы Улуттук банктын пикири боюнча алгылыксыз болсо, банктын өтүнмөсүн канааттандыруудан баш тартылышы мүмкүн. Мында, банктын болгон активдери кредиторлордун талаптарын толук өлчөмүндө канааттандыруу үчүн жетишсиз экендиги аныкталса же лицензияларды кайтарып алууга башка негиздер болсо, анда бул учурда Улуттук банк:
- банкка токтоосуз түрдө консерваторду дайындайт;
- сотко мажбурлап жоюу жол-жобосун, анын ичинде, банкроттук процессин козгоо жөнүндө арыз менен кайрылат.
Өзүнөн-өзү жоюлуу демилгесин көтөрүүнүн жүрүшүндө атайылап такталбаган маалыматтардын берилишине күнөлүү болгон адамдар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылышат.
7. Эгерде Улуттук банк тарабынан банктын жоюу комиссиясы (жоюучусу) өзүнөн-өзү жоюлуу жол-жобосунун тиешелүү деңгээлде жүзөгө ашырбай жаткандыгы, Улуттук банктын талаптарын аткарбагандыгы, болбосо кредиторлордун укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын бузууларга жол берилгендиги белгиленген болсо, банктын активдеринин сакталып турушун камсыз кылуу максатында Улуттук банк консерваторду дайындоого жана банкты мажбурлап жоюу жол-жобосун козгоо арызы менен сотко кайрылууга укуктуу.
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
20-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1399/st-20" title="20-берене - Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>