19-10-берене. Банкты кайра уюштуруу
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы · 1-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
1. Карызкор банкты финансы жагынан жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аны кайра уюштуруу жөнүндө талап коюшу мүмкүн.
Карызкор банкты кайра уюштуруу банк эрежелерин жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген түрдө жүзөгө ашырылат. Банкты ыктыярдуу кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын макулдугу болгондо гана жүргүзүлүшү мүмкүн.
2. Кайра уюштуруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талабын алган учурда карызкор банктын жетекчиси аны алган учурдан тартып 3 жумуш күнүнүн ичинде карызкор банкты кайра уюштуруунун зарылдыгы жөнүндө чечим кабыл алуу максатында банктын Директорлор Кеңешине акционерлердин кезексиз чогулушун чакыруу жөнүндө өтүнмө менен кайрылууга милдеттүү. Карызкор банкты кайра уюштуруу маселеси боюнча акыркы чечим банктын директорлор кеңеши тарабынан кабыл алынат.
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
19-10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1399/st-19-10" title="19-10-берене - Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>