Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу түшүнүктөр
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы · 1-Бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 24 июля 2009 года № 247
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкү түшүнүктөр колдонулат: администратор - консерватор, жоюучу, атайын администратор; административдик чыгашалар - консервациялоону, мажбурлап жоюуну жүргүзүүгө жана банкроттукка байланыштуу жумшалган зарыл чыгымдар; банк - иши Кыргыз Республикасынын Улуттук банк тарабынан лицензиялануучу жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык депозиттер менен банктык операцияларды жүзөгө ашырган банк же башка финансы-кредиттик мекеме; тутумдук мааниси бар банк (тутумдук банк) - бул банкроттугу менен депозиттердин башка жакка оошуна, юридикалык жактардын (төлөө тутумунун катышуучуларынын) банкрот болушуна жана макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн начарлашы аркылуу банктык жана төлөөчү тутумдарды бузулууга же кыйроого алып келүүчү банк. Банктарды тутумдук деп билүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы биргелешип кабыл алган ченемдик укуктук актылары менен аныкталат. банкроттук - карыз тараптын макулдугу менен юридикалык жактын сот тарабынан таанылган же кредиторлордун чогулушу тарабынан жарыяланган төлөөгө жөндөмсүздүгү, башкача айтканда мыйзамда же келишимде белгиленген мөөнөттө толук көлөмдө акчалай милдеттенмелери боюнча өз кредиторлорунун негиздүү талаптарын канааттандырууга жөндөмсүздүгү, ага анын өтүмдүү активдерине милдеттенмелерди өзүнө алуудан ашып кетүүнүн натыйжасында бюджетке жана бюджеттен тышкаркы фонддорго милдеттүү төлөмдөрдү камсыз кылууга жөндөмсүздүгү кирет; аманатчы - банкка депозит салган жак (жеке же юридикалык жак); депозит - бир адамдын экинчи адамдан кайтаруу шартында акча алуусу (толук же жарым-жартылай кайтаруусуна карабастан же ири сумманы кайтаруусу); өз эрки менен жоюлуусу (өзүнөн-өзү жоюлуусу) - уюмдаштыруучулардын (катышы барлардын) болбосо бул ишке уюмдаштыруу документтери менен ыйгарым укук берилген банк органынын чечими боюнча, анын ичинде өзү ачылган мөөнөтүнүн бүтүшүнө, кандай максат менен ачылса, ошол максаттын орундалышына же ошол ачылган учурда мыйзамдардын кайра оңолгус мүнөздө бузулушуна жол берилгенинен улам банкты каттоодон өткөрүүнү сот жараксыз деп тапканына байланыштуу банктын жоюлушу. карызкор - белгиленген тартипте банкрот деп таанылган банк; капитал - бухгалтердик баланстын беренелерине ылайык анын активдери менен милдеттенмелеринин ортосундагы айырманы билдирүүчү бухгалтердик эсепке алуунун принциптери белгилеген банктын таза наркы же өздүк каражаттары; консерватор - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан дайындалган жана ушул Мыйзамга ылайык банкты консервациялоону жүргүзгөн жана башка жол-жоболорду ишке ашырган квалификациялуу адис; консервация - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банкка контролдукту орнотуу, анын активдеринин, бухгалтердик китептеринин, жазууларынын жана башка иш-кагаздарынын сакталып турушун камсыз кылуу максатында консерваторду дайындаган ага ылайык жол-жобо; кредитор - кыргыз жана чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактарын, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдардын атынан Кыргыз Республикасын кошокондо, кайсы түрдөгү болбосун милдеттенмелердин аткарылышын банктан талап кылууга укугу бар кандай гана болбосун жак, анын ичинде аманатчы. Эгерде банк мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан ага карата салынган акчалай айыптарды төлөбөй койгон учурларды кошо алганда, банк Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын алдында карызкор болуп саналса, Улуттук банк да банктын кредитору болуп эсептелет; жоюучу - жоюучу комиссия (өз эрки менен жоюлганда) же банкроттук иштери боюнча мамлекеттик органдын банкты жоюучу катары ишти жүзөгө ашыруу лицензиясы бар, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын сунуштамасы боюнча сот тарабынан дайындалган жана банктын мажбурлап жоюлушуна жооп берген, ушул Мыйзам аркылуу ыйгарым укуктарга ээ болгон адам; банк менен байланыштуу жак - «Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик актыларында келтирилген аныктамаларга ылайык инсайдер же аффилирленген жак болуп саналган жана жетекчилери менен катышы барлардын кошкондо, менчик укугу, иштиктүү же үй-бүлөлүк мамилелер түрүндөгү банк менен байланышы болгон жак, анын ичинде, эгерде ал:
- банкка катышы бар же жетекчиси болсо;
- банкка катышы барын билдирген компанияга катышы болсо;
- банктын туунду компаниясына катышы болсо;
- банкка катышы бар болуп саналган башка компанияга тиешелүү компания болсо;
- банкка катышы бар болуп саналган башка компанияга катышы бар компанияга катышы болсо; же
жогоруда келтирилген катышы барлардын же жетекчилердин кимисинин болбосун жакын тууганы болсо (чоң атасы, чоң энеси, таятасы, таенеси, атасы, энеси, ага-иниси, карындашы, эже-сиңдиси, жубайы, баласы, небереси). улуттук банк - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы; төлөөгө жөндөмсүздүк - төлөө мөөнөттөрү келип жеткенде, банк төлөй албай калган, төлөөдөн баш тарткан же карыздарды төлөө жана башка милдеттенмелерди аткаруу боюнча кредитордун укук ченемдүү талаптарын канааттандырууга жөндөмсүздүгү болбосо анын капиталынын адекваттуулугунун көрсөткүчү талап кылынган деңгээлден төмөн болуусу, же банктык көзөмөл органынын эсептөөлөрү боюнча банктын милдеттенмелери анын активдеринен ашып кеткендеги абал; мажбурлап жоюу - төмөнкүлөрдү камтыган жол-жоболору: «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында камтылган бир же бир нече негиздер боюнча лицензиялары кайтарылып алынган банкты банкроттук негиздери боюнча эмес, мажбурлап жоюу жол-жобосун. Бул жоюучуну дайындоо аркылуу соттун чечими менен козголот; банкроттук себеби боюнча лицензиясы кайтарылып алынган төлөөгө жөндөмсүз банкты (банкроттоо процесси) мажбурлап жоюу жол-жобосун. Бул атайын администраторду дайындоо аркылуу соттун чечими менен козголот. проблемалуу банктарга карата колдонулуучу жол-жоболор - банкроттоо негиздери жана башка негиздер боюнча консервациялоо, санациялоо, реабилитациялоо, өз эрки боюнча жана мажбурлап жоюу жолжоболору; банкроттоо процесси - банкрот деп таанылган банкка карата соттун чечими боюнча козголгон жана атайын администратор тарабынан жүзөгө ашырылган процесс; проблемалуу банк - ушул Мыйзамдын максаттарында, финансылык кыйынчылыктарды башынан кечирип жаткан же Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарын бузууга жол беришкен банктар; реабилитациялоо - банктын төлөө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү максатында банкроттоо процессинде колдонулуучу жол-жоболоштуруу. Реабилитациялоо соттук жана соттук эмес та ртипте жүргүзүлөт; реструктуралаштыруу - атайын администрациялоо жол-жобосунун методу, ал кредиторлордун жана банкты жоюу кызыкчылыгында кийин сатуу үчүн банктын активдеринин базасында жаңы бир же бир нече жаңы юридикалык жактарды түзүүнү караштырат; жетекчи - банкты башкаруу үчүн белгиленген тартипте дайындалган адам (жетекчилерди жана алардын орун басарларын, ошондой эле жетекчилердин милдетин убактылуу аткарган адамдарды кошкондо, байкоо, аткаруу же текшерүү органынын мүчөсү); санация - банкты финансылык жактан оңдоо максатында уюмдаштырылуучуларда жана/же дагы башка инвесторлордо акчалай каражат болгон учурда банктын финансылык абалын калыбына келтирүүнү жана алар Улуттук банктын жеткиликтүү талаптарынын аткарылышын камсыз кылуучу финансылык жана уюштуруучулук мүнөздөгү (банкты кайра капиталдаштырууну кошуп) чараларды ишке ашыруу үчүн соттун чечими боюнча консерватор тарабынан жүргүзүлүүчү жол-жобо; атайын администратор - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан уюштурулган адистештирилген уюм же банкроттоо иштери боюнча мамлекеттик органдын банктардын жоюучусу катары ишти жүзөгө ашырууга тиешелүү лицензияны алган жана банкта банкроттоо процессинин жүргүзүлүшү үчүн жоопкерчиликтүү болгон, ушул Мыйзам аркылуу ыйгарым укуктар берилген башка адам; сот - Кыргыз Республикасынын соттор тутумуна кирген кайсы болбосун сот; милдеттүү төлөмдөр - салыктар, жыйымдар жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жана шарттарда тиешелүү деңгээлде бюджетке жана бюджеттик эмес фонддорго башка милдеттүү төгүмдөр; катышы бар - банкка катышы бар (үлүшү, акциясы же банкка милдеттүү түрдө аткарууга тескеме берүүгө келишим менен шартталган укугу) жеке же юридикалык жак (мамлекеттик үлүшкө ээ жана анын укугу өтүүчү мамлекеттик ишканаларга жана юридикалык жактарга карата Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын атынан Кыргыз Республикасын кошкондо). Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктарга тескеме берүүгө мыйзамдуу укукка ээ болсо да, катышы бар болуп эсептелбейт; аларга карата банктын карыздык милдеттенмелери болгон жактардын катышуучусу болуп эсептелбейт, ошондон улам алар карызды төлөп берүү жөнүндө банкка тескеме берүүгө укуктуу, бирок банкка башка эч кандай тескемелерди берүүгө укугу жок. кредиторлор комитети - өзүнүн ишинин Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырган кредиторлордун чогулушунун ыйгарым укук берилген органы. (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 10-мартындагы № 47, 2006-жылдын 21-августундагы № 176, 2009-жылдын 24-июлундагы № 247 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 24 июля 2009 года № 247 "О внесении изменений и дополнений в законы Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)" и "О консервации, ликвидации и банкротстве банков"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 21 августа 2006 года № 176 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики «О консервации, ликвидации и банкротстве банков»Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 10 марта 2005 года № 47 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О консервации, ликвидации и банкротстве банков"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 60 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1399/st-2" title="2-берене - Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>