14-берене. Консервациялоо учурундагы иш-аракеттер
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы · 1-Бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
1. Улуттук банк консерватордун планын карап чыгып, төмөндөгү чечимдердин бирин кабыл алат:
- эгерде ушул Мыйзамдын 15-беренесинде банк тутумунун кызыкчылыгы банктын каралган тартиптин сакталышы менен реабилитацияланышын талап кылса;
- Улуттук банк лицензияны кайтарып алат жана банкка карата банкроттук процессин козоо жөнүндө арыз менен сотко кайрылат; эгерде Улуттук банк банктын капиталы капиталдын талап кылынган деңгээлинин кеминде 25 процентин түзө тургандыгын белгилесе (адекваттуулуктун талап кылынган стандарттарын кошкондо);
- консерватордун санация башталгандыгы жөнүндө сунушун колдоону.
2. Эгерде консерватор банктын жетекчилиги тарабынан мыйзамсыз иштердин жүргүзүлүшүнүн же Улуттук банктын тигил же бул тескемесинин аткарылбай калуусунун негизинде дайындалса, анда консерватор банк тарабынан мыйзам талаптарынын сакталышын калыбына келтирүү же жогоруда белгиленген тескеменин аткарылышы боюнча бардык тиешелүү аракеттердин көрүлүшүн камсыз кылат.
3. Консерватордун отчетунда ушул Мыйзамдын 13-беренесинин 2-пунктунун 2 жана 3-пунктчаларында каралган сунуштоолор камтылып жана Улуттук банк консерватордун сунуштоолор жактырган учурларды эске албаганда, ушул Мыйзамга ылайык банктын банктык лицензиясы кайтарылып алынууга, ал эми банк жоюлууга тийиш.
4. Улуттук банк консерватордун сунуштоолорун ишке ашырууну баштоого чейинки жана андан кийинки да консерватордун сунуштоолорун кабыл алууга же четке кагууга укуктуу.
5. Улуттук банк консерватордун сунуштоолорун ишке ашыруунун кайсы болбосун стадиясында лицензияны токтоосуз кайтарып алууга жана ушул Мыйзамда каралган негиздер боюнча банкты мажбурлап жоюу маселесин көтөрүүгө укуктуу.
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1399/st-14" title="14-берене - Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>