13-берене. Консерватордун отчету
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы · 1-Бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
1. Консерватор дайындалгандан кийинки 30 күндөн кечиктирбестен, өзү дайындалган ошол банктын учурдагы финансылык абалы жана келечектеги иши жөнүндө отчетту даярдоого жана Улуттук банкка берүүгө милдеттүү.
2. Консерватордун отчетунда банк жоюлууга дуушар болгондо сатып өткөрүлүүгө тийиш болгон активдердин наркына берилген баалоосу, ошондой эле консерватордун банктын андан аркы иши боюнча сунуштоолору камтылууга тийиш. Консервациялоо боюнча көрсөткөн кызматтарына кеткен чыгашаларга чегерилген, наркы тышкы аудиторлордун жардамы менен отчет түзүлүшү мүмкүн. Отчетто тиешелүү негиздөөлөрү менен төмөнкү сунуштоолордун бири камтылууга тийиш:
1) лицензияларды кайтарып алуу жөнүндөгү сунуштоону;
2) тиешелүү мезгил алкактарын кошкондо, Улуттук банктын ченемдик талаптарына ылайык банкты чыңдоонун кылдат иштелип чыккан планы;
3) банкты сатуу, башка банк менен кошуу же банктын активдерин жана/же пассивдерин жарым-жартылай сатуу боюнча кылдат иштелип чыккан планы.
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1399/st-13" title="13-берене - Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>