11-берене. Банкты башкарууну кабыл алуу
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы · 1-Бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 10 марта 2005 года № 47
1. Консерватор дайындалган учурдан баштап банкты башкарууну өзүнө кабыл алат жана банктын активдеринин, бухгалтердик китептеринин жана жазууларынын сакталышын камсыз кылат.
Дайындалган консерватор кредиторлордун чогулушун чакыруу жөнүндө жарыялоого милдеттүү.
2. Консерватор өзү дайындалган банктын кайсы болбосун активдерин, имарат жайларын, ошондой эле бухгалтердик китептерин жана башка жазууларын көрүүгө жана аларды тескөөгө чексиз укуктарга ээ. Консерватордун мыйзамдуу талабы боюнча укук коргоо органдары банктын жайларына кирүүдө жана анын башка активдери менен таанышууда, активдер, бухгалтердик китептер жана жазуулар менен иштөөдө жана алардын сакталышын камсыз кылууда консерваторго тиешелүү көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
3. Консерватор дайындалгандан кийин Улуттук банк банктын аманатчыларынын жана/же башка кредиторлорунун кызыкчылыктарын коргоо максатында кайсыл учурда болбосун, банктын лицензияларынын аракетин токтотууга же банктын банктык операцияларына кандай болбосун чектөөлөрдү киргизүүгө укуктуу.
(КР 2005-жылдын 10-мартындагы № 47 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1399/st-11" title="11-берене - Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>