10-берене. Консерваторду дайындоонун натыйжалары, анын укуктары жана милдеттери
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы · 1-Бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 10 марта 2005 года № 47
1. Улуттук банктын консерваторду дайындоо жөнүндөгү чечими, эгерде чечимдин өзүндө башкача белгиленбесе, кабыл алган учурдан тартып күчүнө кирет.
2. Улуттук банктын банкка консерваторду дайындоо жөнүндө чечими банктын акционерлеринин жалпы чогулушунун ыйгарым укуктарын токтотот. Ушундан кийин, акционерлердин жалпы чогулушунун бардык чечимдери, эгерде алар консерватор тарабынан бекитилбеген болсо, укукка ээ болбогон катары эсептелинет. Консерватор банкты сатуу жана жабуудан тышкары банктын акционерлеринин жалпы чогулушунун бардык ыйгарым укуктарына ээ болот. Консерватордун банкы кошуу жана бириктирүү боюнча ыйгарым укуктары Улуттук банктын макулдугу менен гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
3. Улуттук банктын банкка консерваторду дайындоо жөнүндө чечими банктын бардык жетекчилеринин ыйгарым укуктарын токтотот. Юридикалык жак катары, банктын атынан Консерватор гана иш алып барууга укуктуу, ал эгерде Улуттук банк тарабынан башкасы белгиленбесе, банктын жетекчилерин жана кызматкерлерин кошкондо, башка адамдарга зарыл деп эсептеген ыйгарым укуктарды бөлүштурө алат. Консерватор убактылуу жок болгон же анын иш-аракетке жөндөмсүз болгон учурда, Улуттук банк белгиленген тартипте башка консерваторду дайындайт.
4. Консерваторду дайындоо жөнүндө чечим күчүнө киргенден кийин банк тарабынан же анын атынан ишке ашырылган аракеттер, алар Улуттук банк, консерватор же алардын атынан башка жактар тарабынан кабыл алынган, болбосо Улуттук банк тарабынан ошондой катары таанылган баалуу кагаздар боюнча төлөө же эсептешүүлөр тутумуна келип түшкөн акча же баалуу кагаздарды которуу тууралу кайтара чакыртып алууга мүмкүн болбогон буйрук болуп саналган учурларды эске албаганда, анык эмес деп эсептелинет.
5. Консерватор өз милдеттерин аткаруу жана өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу боюнча Улуттук банктын жана кредиторлор комитетинин алдында отчет берет. Улуттук банк консерватор дайындалгандан кийин жазуу жүзүндөгү нускоолорду жана иш-аракетке жетекчиликти ала турган документтерди ага жөнөтүүгө укуктуу.
6. Консервациялоо киргизилген банктын финансылык абалын коргоо максатында, консерватор дайындалган учурдан тартып банктагы депозиттерди төлөө банк туурасында соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин токтотулат. Банктан карыздарды өндүрүп алуу жөнүндө соттук кандай чечимдерди болбосун аткаруу консервациялоо мезгили ичинде токтотулат. Ушул пункттун талабы ишеним менен башкарууда турган жана өзүнчө баланста эсепке алынган мүлктөргө карата колдонулбайт.
7. Банкты консервациялоо мезгилинде банкка катышы барларга дивиденддер кошуп эсептелинбейт жана төлөнүп берилбейт. Депозиттерди коргоо жөнүндөгү мыйзамдарга ылайык, өз талаптарын канааттандырууга укугу бар кредиторлор (аманатчылар), консерватор дайындалгандан кийин арыздарын белгиленген тартипте берүүгө укуктуу.
8. Банк консервациялоого кеткен чыгашаларды кошкондо, консерватор тарабынан банктын атынан жүргүзүлгөн бардык операциялар жана бүтүмдөр боюнча толук жоопкерчилик тартат, эгерде бул операциялар жана бүтүмдөр консерватор тарабынан мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылса.
9. Банкка катышы барлар консерватордун аракеттеринин натыйжасында келип чыккан өз чыгымдары үчүн жоопкерчиликтерди консерваторго же Улуттук банкка жүктөөгө укугу жок, эгерде бул аракеттер банк аманатчыларынын жана кредиторлордун таламдарын коргоо максатында көрүлгөн болсо.
10. Консерватор ушул Мыйзамда белгиленген консервациялоонун максаттарын жана милдеттерин сактоого, биринчи кезекте, өз аракеттеринин аманатчылардын, ошондой эле башка кредиторлордун укуктарын коргоо кызыкчылыгына мүмкүн болушунча ылайык келүүсүн камсыз кылууга милдеттүү. Консерватор банк менен байланыштуу катышы барлардын жана кредиторлордун укуктарына караганда, банк менен байланыштуу болбогон кредиторлордун (аманатчылардын) укуктарын коргоого биринчи кезекте маани берүүгө тийиш.
11. Банкты башкаруунун бардык органдарынын чечим кабыл алууга укугу жок, ал эми кабыл алынган чечимдер, эгерде алар консерватор тарабынан бекитилбеген (макулдашылбаган) болсо, ошондой эле консерваторго өз функцияларын, ыйгарым укуктарын жана милдеттерин аткарууга тоскоолдук кылса, алар укуктук күчкө ээ эмес.
Консерватор банктын жетекчилигин жоюу жөнүндө чечимди кабыл алып жаткан учурда пайдаланылып жаткан консервациялоонун жол-жобосун жүргүзүүгө укуктуу.
12. Консервациялоону жүргүзүү максатында консерватор заемдук каражаттарды тартууга укуктуу. Мындай учурда, консервациялоо мезгили ичинде консерваторго заемдук каражаттарды беришкен кредиторлордун талаптары, эгерде банк кийинчерээк жоюлууга дуушар болсо да, биринчи кезекте канааттандырылууга тийиш.
13. Консерватор банк үчүн зарыл болгон кызматтардын жөнөтүүлөрүн (анын ичинде электрэнергиясын, сууну, телефон байланыштарын ж.б.) кийинки төлөөлөрдүн жүргүзулүшүнө макулдук бериши мүмкүн, бирок, мурда көрсөтүлгөн кызматтарга, банк менен байланыштуу жактардан тышкары, бардык аманатчылардын талаптарын төлөөгө мүмкүнчүлүк бардыгына ынангандан кийин гана төлөп бериши мүмкүн.
14. Банктын консерватору Улуттук банк менен макулдашуу боюнча төмөнкү принциптерди сактоо менен бардык же айрым аманатчыларга тиешелүү болгон суммаларды жарым-жартылай же толугу менен төлөп берүүгө укуктуу:
1) консерватор банк менен байланыштуу болбогон кредиторлордун талаптарын төлөп берүү үчүн банктын колунда жетиштүү каражаттардын бар экендигине толук ынанмайынча, банк менен байланыштуу кайсы болбосун аманатчыга кандайдыр бир сумманы төлөп бере албайт;
2) эгерде консерватор банкты финансылык жактан чыңдоо мүмкүн эмес жана аны жоюу зарыл деген жыйынтыкка келсе, аманатчыларга төлөнүп берилүүгө тийиш болгон кайсы болбосун төлөөлөрдү ал токтотууга милдеттүү;
3) санациянын жол-жобосун жүзөгө ашыруу учурунда кредитор менен эсептешүү ушул Мыйзам белгилеген банктын кредиторлорунун талаптарын кезеги менен канааттандырууга ылайык жүргүзүлөт.
(КР 2005-жылдын 10-мартындагы № 47 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1399/st-10" title="10-берене - Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>