22-статья. Ишкердик субъекттер жана коммерциялык эмес уюмдар, ошондой эле аларда иштеген жеке жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тариф ставкалары
Күчүндө · 22.07.2026 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 октября 2025 года № 243
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери ишкердик субъекттер, коммерциялык эмес уюмдар, турак жай ээлеринин шериктиктери, диний уюмдар, саясий партиялар, кесиптик бирликтер үчүн төмөнкүдөй белгиленет:
1. Иш берүүчүлөр үчүн (ушул статьянын 3-пунктунда көрсөтүлгөндөрдү кошпогондо):
а) Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органдарында каттоонун түрүнө карабастан, туруктуу же убактылуу жумушка кабыл алынган жалданган кызматкерлердин, анын ичинде чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - 2,25 пайыз өлчөмүндө.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 1 пайыз; Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 1 пайыз; Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз.
б) I жана II топтогу майып, ошондой эле угуусу боюнча III топтогу майып кызматкерлердин пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - 1,25 пайыз өлчөмүндө.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 1 пайыз; Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз.
2. Кызматкерлер үчүн:
а) иш берүүчүнүн (ушул статьянын 3-пунктунда көрсөтүлгөндөрдү кошпогондо) Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органдарында каттоосунун түрүнө карабастан, туруктуу же убактылуу жумушка жалданган кызматкерлер, анын ичинде чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, пенсионер кызматкерлерди кошпогондо, каржылоо булактарына карабастан, алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - 10 пайыз өлчөмүндө.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 8 пайыз; Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна - 2 пайыз; ушул Мыйзамдын 111-статьясынын "а" пунктунда көрсөтүлгөн жалданган кызматкерлер үчүн Пенсиялык фондго - 10 пайыз өлчөмүндө;
б) пенсионер кызматкерлер үчүн (турак жай ээлеринин шериктиктеринин пенсионер кызматкерлерин кошпогондо), каржылоо булактарына карабастан, алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын Пенсиялык фондго - 8 пайыз өлчөмүндө;
турак жай ээлеринин шериктиктеринин пенсионер кызматкерлери үчүн каржылоо булактарына карабастан, алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын Пенсиялык фондго - 2 пайыз өлчөмүндө;
в) I жана II топтогу майып кызматкерлер (Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынан жана аларга теңештирилген адамдардан башкалар), ошондой эле угуусу боюнча III топтогу майып кызматкерлер үчүн каржылоо булактарына карабастан, алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - Пенсиялык фондго 2 пайыз өлчөмүндө.
3. Ушул статья төмөнкүлөргө карата колдонулбайт:
- мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдарга;
- жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участокторун иштеткен жана/же пайдалуу кендерди иштетүү максатында жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасын пайдалануу укугуна ээ болгон тоо-кен казып алуучу ишканаларга;
- электр энергиясы, жылуулук энергиясы жана газ менен камсыз кылуу (жабдуу) боюнча ишти жүзөгө ашыруучу уюмдарга;
- алкоголдук, тамеки буюмдарын жана күйүүчү-майлоочу материалдарды өндүрүүнү жана/же импорттоону жүзөгө ашыруучу ишкердик субъекттерине, буга Кыргыз Республикасында лицензиялык-уруксат берүү системасы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аталган ишти жүргүзүүгө лицензиясы бар мунайзаттарды өндүрүүчү жана кайра иштетүүчү субъекттер кирбейт (өсүмдүк чийки затынан биоэтанолду өнөр жайлык көлөмдө өндүрүүнү жана аны сатууну кошпогондо, мунайды жана жаратылыш газын кайра иштетүү);
- уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашыруучу субъекттерге;
- интернет-провайдерлерге;
- коммерциялык банктарга, адистештирилген финансылык-кредиттик же кредиттик мекемелерге.
Иштин көрсөтүлгөн түрлөрү үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жана аларды төлөө тартиби ушул Мыйзамдын 2-беренесине ылайык белгиленет.
4. Камсыздандыруу төгүмдөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте төлөнөт.
(КР 2024-жылдын 23-июлундагы № 136, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 22.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
22-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 23 июля 2024 года № 136 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и социального страхования"Редакцияларды салыштыруу
29.10.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…Пенсиялык фондго - 10 пайыз өлчөмүндө;
б) пенсионер кызматкерлер алынып салынды: үчүн, кошулду: үчүн (турак жай ээлеринин шериктиктеринин пенсионер кызматкерлерин кошпогондо), каржылоо булактарына карабастан, алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын Пенсиялык фондго - 8 кошулду: пайыз өлчөмүндө;
турак жай ээлеринин шериктиктеринин пенсионер кызматкерлери үчүн каржылоо булактарына карабастан, алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын Пенсиялык фондго - 2 пайыз өлчөмүндө;
в) I жана II топтогу майып кызматкерлер (Улуу Ата … 2024-жылдын 23-июлундагы № 136, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 кошулду: , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (2)
- Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускама (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы…Инструкция · 17.07.2020 · № 385 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-майындагы № 268 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы № 385 "Мамлекеттик социалдык…Постановление · 18.05.2023 · № 268 · Күчүн жоготкон
Бул актынын беренеде аталган беренелери
- 2-статья. Ишкердик субъекттер жана коммерциялык эмес уюмдар, ошондой эле аларда иштеген жеке жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тариф ставкалары
- 111-статья
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1393/st-22" title="22-статья - Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>