Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаардык кеңешинин «Бишкек шаарынын аймагында мүлккө салыкты киргизүү жөнүндө» токтому
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2023-жылдын 31-январы № 66 Бишкек шаарынын аймагында мүлккө салыкты киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 5-беренесинин 5-бөлүгүнө, 37-беренесинин 3-бөлүгүнө жана «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2023-жылдын 1-январынан тартып Бишкек шаарынын аймагында мүлккө салык ишке киргизилсин.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн салыкты администрациялоо Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык жүзөгө ашырылсын.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 19-ноябрындагы № 49 «Бишкек шаарынын аймагында мүлккө салык жана жер салыгын киргизүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басарына жүктөлсүн.
Төрага
К. Конгантиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 19-ноябрындагы № 49 "Бишкек шаарынын аймагында мүлккө салык жана жер салыгын киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 19.11.2013 · № 49 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 19-ноябрындагы № 49 "Бишкек шаарынын аймагында мүлккө салык жана жер салыгын киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 19.11.2013 · № 49 · Күчүн жоготкон