Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
21-статья. Кесиптик бирликтердин мүлктүк укуктарынын кепилдиктери
Күчүндө · 21.10.2025 редакциясы · III бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 21 октября 2025 года № 225
Кесиптик бирликтер уставдык ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон өздөрүнө менчик укугунда таандык мүлккө жана акча каражаттарына ээлик кылат, аларды пайдаланат жана тескейт. Кесиптик бирликтердин менчиги менчиктештирилүүгө тийиш эмес. Кесиптик бирликтер өздөрүнүн уставдык максаттарына жана милдеттерине ылайык мыйзамдар тарабынан белгиленген тартипте кесиптик бирдиктердин банктарын, камсыздандыруу, маданий-агартуу жана башка фонддорун түзүүгө, ошондой эле тышкы экономикалык, санаторийлик-курорттук, туристтик жана спорттук ишти жүзөгө ашырууга укуктуу. Кесиптик бирликтер мамлекеттик, чарбалык, кооперативдик жана башка коомдук уюмдардын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт, алар өз кезегинде кесиптик бирликтердин милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
Кесиптик бирликтердин бюджетинин каражаттарынын булактары, аны түзүү жана пайдалануу тартиби ушул Мыйзамдын 211-статьясында белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен кесиптик бирликтердин уставдары жана жамааттык келишимдер менен аныкталат. Кесиптик бирликтердин финансылык иши ушул Мыйзамдын 211-статьясында белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен алардын уставдарына ылайык жүргүзүлөт. (КР 2025-жылдын 21-октябрындагы № 225 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 21.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 21 октября 2025 года № 225 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам отчетности отдельных некоммерческих организаций"Редакцияларды салыштыруу
21.10.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…бирликтердин бюджетинин каражаттарынын булактары, аны алынып салынды: түзүүнүн кошулду: түзүү жана алынып салынды: пайдалануунун кошулду: пайдалануу тартиби кошулду: ушул Мыйзамдын 211-статьясында белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен кесиптик бирликтердин уставдары жана жамааттык келишимдер алынып салынды: тарабынан кошулду: менен аныкталат.
Кесиптик бирликтердин алынып салынды: каржылык иштери кошулду: финансылык иши ушул Мыйзамдын 211-статьясында белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен алардын уставдарына ылайык жүргүзүлөт.
кошулду: (КР 2025-жылдын 21-октябрындагы № 225 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/137/st-21" title="21-статья - Кесиптик бирликтер жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>