Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн аскер кызматчылары колдонуучу атайын каражаттардын тизмесин жана аларды сактоо тартибин бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 29-марты № 145 Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн аскер кызматчылары колдонуучу атайын каражаттардын тизмесин жана аларды сактоо тартибин бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан тышкары, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн аскер кызматчылары колдонуучу атайын каражаттардын тизмеси, 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн аскер кызматчылары колдонуучу атайын каражаттарды сактоо тартиби, 2-тиркемеге ылайык.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М.Абылгазиев
1-тиркеме
Улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан тышкары, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн аскер кызматчылары колдонуучу атайын каражаттардын ТИЗМЕСИ
1. Резина таяктары (ПР-73)
2. "Робокоп" тибиндеги массалык тартип бузууда соккудан коргонуучу костюм
3. 12 мм помпа мылтыгы
4. 12 мм резина октору
5. Калкан (түзсүз, металл)
6. Электршокер
7. Калкан БЗТ-75
8. Пластик кол кишендери
9. БР-2 буюму (кол кишен)
10. 38 мм КС карабини
11. 38 мм металл эмес картечи менен резина октору
12. Жарык-үн чыгаруучу кол гранаталар
13. "Пламя-М" жарык-үн чыгаруучу кол граната
14. Жаш агызуучу заты бар жарык-үн чыгаруучу кол граната
15. "Черемуха-10" тибиндеги аэрозоль чачыратмасы
16. "Ford Ranger" күжүрмөн машинасы
17. "Еж" тибиндеги автотранспортту токтотуучу түзүлүш
18. Ар түрдүү типтеги соот чопкуттар
19. Жеңилдетилген чопкуттар
20. Ок өтпөс кевлар шлемдери
21. "ВЭК-Грот" жардыруу техниктин коргоочу костюму
22. "Грот" сапердун коргоочу костюму
23. Ар түрдүү модификациядагы противогаздар
24. Ар түрдүү модификациядагы химиялык коргоо костюмдары
25. БТР-60 ПБ, БТР-70, БТР-70 У, БТР- 80 бронетранспортерлору
26. БРДМ-2 күжүрмөн чалгындоочу кайгуул машинасы
27. БМП-1, БМП-2 жөө аскердин күжүрмөн машинасы
28. Кызматтык жаныбарлар
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставы (Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 7-августундагы № 117 мыйзамы менен кабыл алынган)Устав · 07.08.1998 · № 117
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүш- төрүнүн аскер кызматчылары колдонуучу атайын каражаттарды сактоо ТАРТИ- БИ (Кыргыз Республикасынын…Порядок · 29.03.2019 · № 145
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставы жөнүндөЗакон · 07.08.1998 · № 117
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон