Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-мартындагы № 173 „Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрдүн аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине азык-түлүк паегунун ордуна акчалай компенсация төлөө жөнүндө“ токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 14-марты № 115 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-мартындагы № 173 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрдүн аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине азык-түлүк паегунун ордуна акчалай компенсация төлөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
"Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-мартындагы № 173 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрдүн аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине азык-түлүк паегунун ордуна акчалай компенсация төлөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пунктунун экинчи абзацы "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн," деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин," деген сөздөр менен толукталсын.
2. Ушул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн тийиштүү жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде ишке ашырылары белгиленсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 26-мартындагы N 22 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М.Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-марты № 173 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрдүн аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын…Постановление · 23.03.2017 · № 173
- О статусе военнослужащихЗакон · 01.07.1992 · № 930-XII
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон