Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Аламүдүн айылдык кеңешинин «Аламүдүн айыл аймагында үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду жерге коюу, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана иш-чараларды өткөрүү тартиби жөнүндө» Жобосу
Аламүдүн айылдык кеңешинин 2022-жылдын 17-мартында № 64-28 токтому менен бекитилген
Аламүдүн айыл аймагында үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду жерге коюу, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана иш-чараларды өткөрүү тартиби жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Аламүдүн айыл аймагында үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду жерге коюу, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана иш-чараларды өткөрүү тартибин аныктайт.
2. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына;
2. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ №54 “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгына;
4. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставына.
3. Ушул Жободо төмөнкү негизги түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:
маркумду жерге коюу иш-чаралары - өлгөн адамдын сөөгүн коюуга байланышкан үрп-адаттардын жана аракеттердин жыйындысы; маркумду эскерүү иш-чаралары - өлгөн адамды эскерүүгө байланышкан үрп-адаттардын жана аракеттердин жыйындысы (куран окутуу, 40 күндүк, жылдык ж.б.).
II. Жобонун максаты жана милдеттери
4. Ушул Жобонун максаты жарандардын социалдык кызыкчылыктарын коргоо жана жарандардын экономикалык кызыкчылыктарына жана моралдык негиздерине олуттуу зыян келтирген ашыкча чыгымга жана ысырапкерчиликке жол бербөө чараларын белгилөө болуп саналат.
5. Ушул Жобонун милдеттери үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду жерге коюу, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү, ошондой эле калк арасында алардын маңызын жана маанисин туура түшүнүүнү калыптандыруу болуп саналат.
III. Жобону ишке ашырууну контролдоо боюнча комиссия
6. Ушул Жобону ишке ашыруу үчүн Аламүдүн айыл өкмөтүнүн алдында Үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду жерге коюу, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү боюнча туруктуу комиссия түзүлөт.
7. Комиссиянын түзүмү:
1) Комиссиянын жетекчиси (Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары);
2) Комиссиянын мүчөлөрү: Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттары, Аламүдүн айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү, аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруунун, кварталдык жана үй комитеттеринин төрагалары, турак жай менчик ээлеринин шериктиги, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, милициянын участкалык инспекторлору, диний уюмдардын өкүлдөрү.
8. Комиссия түзүү жана анын курамы жөнүндө чечим Аламүдүн айылдык кеңеши тарабынан бекитилет. Комиссиянын сандык курамы ушул Жобону ишке ашыруу боюнча аткарылуучу иш-чаралардын көлөмүн эске алуу менен Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушу боюнча бекитилет.
9. Комиссиянын ишинин уюштуруучулук формасы болуп Комиссиянын отуруму саналат. Эгер отурумга Комиссия мүчөлөрүнүн кеминде жарымы катышса, аны өткөрүүгө укуктуу деп эсептелет. Комиссиянын чечими протокол менен таризделет. Комиссия мүчөлөрүнүн отурумуна катышкандардын жарымынан көбү добуш берсе, чечим кабыл алынды деп эсептелет.
10. Комиссия төмөнкү функцияларды аткарат:
- ушул Жобонун талаптарына ылайык үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду жерге коюу, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана иш-чараларды өткөрүүгө контроль жүргүзөт;
- үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду жерге коюу, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү маселелери боюнча Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандардын жана коомдук институттардын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат;
- үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду жерге коюу, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкерчиликке жол бербөө жөнүндө калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин уюштурат;
- үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду жерге коюу, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана иш-чараларды өткөрүү боюнча алдыңкы тажрыйбаларды жайылтат;
- Аламүдүн айыл аймагындагы жеке жана юридикалык жактардан ушул Жобонун аткарылышын талап кылат.
IV. Үйлөнүү үлпөт, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттар
11. Үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттар жана иш-чаралар 100дөн көп эмес киши чакыруу менен өткөрүлөт.
12. Үйлөнүү үлпөт салтанаты бир күндүн ичинде 200 кишиге чейинки банкет менен өткөрүлөт.
13. ЗАГС органдарында никени мамлекеттик каттоо аземи 3төн көп эмес жеңил авто унааны колдонуу менен өткөрүлөт.
14. Үйлөнүү үлпөтү, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттар, үрп-адаттар жана иш-чаралар дем алыш күндөрү 8.00дөн 23.00гө чейин, ал эми жумуш күндөрү 18.00дөн 22.00гө чейин өткөрүлөт.
V. Маркумду жерге коюу, маркумду эскерүү
үрп-адаттары жана иш-чаралары
15. Маркумду жерге коюу үрп-адаттары жана иш-чаралары (“жаназа” үрп-адаты) бодо мал, жылкы жана кой союлбастан жана катышуучулардын санын чектебестен өткөрүлөт.
16. Маркумду көмүү маркумдун денесин (сөөгүн) үйгө жеткирген же адам өлгөн учурдан тартып бир суткадан кечиктирбестен жүргүзүлөт.
17. Маркумду эскерүү үрп-адаттары жана иш-чаралары (куран окутуу, 40 күндүк, жылдык ж.б.) бодо мал, жылкы жана кой союлбастан 100дөн көп эмес киши чакыруу менен өткөрүлөт.
VI. Ушул Жобону аткаруу боюнча жеке жана юридикалык жактардын милдеттери
18. Жеке жана юридикалык жактар үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду жерге коюу, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана иш-чараларды Комиссияны милдеттүү түрдө кабарландыруу аркылуу ушул Жобонун талаптарын сактоо менен өткөрүүгө милдеттүү.
19. Аламүдүн айыл аймагындагы кафе жана ресторандардын администрациялары пландалган салтанаттар, маркумду жерге коюу жана маркумду эскерүү иш-чаралары тууралуу Комиссияны жана ички иштер органдарын иш-чарага чейин бир күн кечиктирбестен жазуу жүзүндө кабарландырууга милдеттүү.
20. Жеке жана юридикалык жактар ушул Жобонун талаптарын сактабагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылат. Ушул Жобону бузууга жол берген адамдар жөнүндө маалымат Аламүдүн айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жайгаштырылат.
VII. Корутунду жобо
21. Ушул Жобо, ага толуктоолор, өзгөртүүлөр Аламүдүн айылдык кеңеши тарабынан бекитилет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- КР Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 54 "Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар…Указ · 24.02.2022 · № 54
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Аламүдүн айылдык кеңешинин 2022-жылдын 17-мартындагы № 64-28 "Аламүдүн айыл аймагында үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду жерге коюу, маркумду эскерүү…Постановление · 17.03.2022 · № 64-28