89-статья. Ата-энесинин көзөмөлчүлүгүсүз балдарга алименттерди өндүрүү жана пайдалануу
Күчүндө · 17.07.2025 редакциясы · 14-Глава
Ата-энесинин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдарга алимент ушул Кодекстин 86-88-статьяларына ылайык өндүрүлөт жана балдардын камкорчусуна (көзөмөлчүсүнө) же алардын асыраган ата-энесине же мамлекеттик же үйбүлөлүк балдар үйүндөгү балдардын башка (билим берүү, дарылоо, социалдык жактан коргоо, убактылуу туруу) мекемелериндеги балдардын өздөрүнө ачылган эсебине төлөнөт. Балдар мындай мекемени таштап кеткенде ага алынган алименттердин суммасы ал жашап турган жерде ачылган мамлекеттик банктагы анын өздүк эсебине которулат. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүм менен макулдашуу боюнча балдар мекемесинин жетекчилиги салымдан баланын муктаждыгына (дарылануу, тиш салдыруу, тиешелүү медициналык мекемелердин корутундусу боюнча кулагын жана көзүн коррекциялоого керектелүүчү жеке аппараттар менен камсыз кылуу үчүн гана) керек болгон сумманы мөөнөтүнөн мурда алууга укуктуу.
Берененин тексти 17.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
89-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1327/st-89" title="89-статья - Үйбүлө кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>