86-статья. Жашы жетпеген балдарга өндүрүп алынуучу алименттердин өлчөмү
Күчүндө · 17.07.2025 редакциясы · 14-Глава
1. Алимент төлөө жөнүндө макулдашуу болбогондо, жашы жетпеген балдарга алименттер сот тарабынан алардын ата-энесинен ай сайын төмөндөгүдөй өлчөмдө өндүрүп алынат: бир балага - ата-энесинин иштеп тапкан жана (же) иш жүзүндөгү кирешесинин төрттөн бири, эки балага - үчтөн бири, үч же андан көп балага - жарымы. Мында, ушул Кодекстин 88-статьясында каралган учурларды кошпогондо, эмгекке жөндөмдүү ата-энелер үчүн алардын жашы жетпеген балдарына өндүрүп алынуучу алименттин эң аз өлчөмү айына бир балага - бир эң аз эмгек акыдан кем эмести, эки балага - бир жарым эң аз эмгек акыдан кем эмести, үч жана андан көп балага - эки эң аз эмгек акыдан кем эмести түзүшү керек.
2. Бул үлүштөрдүн өлчөмү сот аркылуу тараптардын материалдык же үйбүлөлүк абалын жана көңүлгө алынуучу дагы башка жагдайларын эске алуу менен азайтылышы же көбөйтүлүшү мүмкүн.
3. Ата-энеси фермердик чарба жүргүзүүдө, жүгүртүүдөгү накталай акча каражаттары жок болсо, жашы жетпеген балдарга алименттин орду тараптардын макулдашуусу боюнча накта азык-түлүк менен толтурулушу мүмкүн.
4. Эмгек акынын жана (же) колдо кирешенин жоктугу балдарды багуу боюнча милдеттерден ата-энени бошотпойт жана ал белгиленген өлчөмдө алимент төлөө үчүн каражатты өзалдынча издеп табууга, ошол жердеги орточо эмгек акынын өлчөмүнө жараша же алиментти кыймылдуу, болбосо кыймылсыз мүлк же балага же балдарга барабар үлүштөрдө менчигине берүү жолу менен анын бөлүгү менен жаап берүүгө милдеттүү.
5. Нотариалдык буйрук тартибинде жашы жетпеген балдарга өндүрүп алынуучу алименттин өлчөмү ушул статьянын 1-пунктуна ылайык аныкталат.
(КР 2012-жылдын 17-майындагы № 54, 2014-жылдын 30-июнундагы № 100, 2015-жылдын 14-июлундагы № 161, 2020-жылдын 17-августундагы № 135, 2025-жылдын 4-июнундагы № 111 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 17.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
86-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 4 июня 2025 года № 111 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам нотариальной деятельности"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 17 августа 2020 года № 135 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере регулирования алиментных обязательств"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 14 июля 2015 года № 161 "О внесении изменения в Семейный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 30 июня 2014 года № 100 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР 17 мая 2012 года № 54 "О внесении изменений и дополнений в Семейный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
04.06.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
Жашы жетпеген балдарга алынып салынды: сот тартибинде өндүрүп алынуучу алименттердин өлчөмү
1. Алимент төлөө жөнүндө … берүү жолу менен анын бөлүгү менен жаап берүүгө милдеттүү.
кошулду: 5. Нотариалдык буйрук тартибинде жашы жетпеген балдарга өндүрүп алынуучу алименттин өлчөмү ушул статьянын 1-пунктуна ылайык аныкталат.
(КР 2012-жылдын 17-майындагы № 54, 2014-жылдын 30-июнундагы № 100, 2015-жылдын 14-июлундагы № 161, 2020-жылдын 17-августундагы № алынып салынды: 135 кошулду: 135, 2025-жылдын 4-июнундагы № 111 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндөКодекс · 10.07.2012 · № 100
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1327/st-86" title="86-статья - Үйбүлө кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>