59-статья. Баланын үйбүлөдө жашоо жана тарбиялануу укугу
Күчүндө · 17.07.2025 редакциясы · 12-Глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 12 июня 2008 года № 117
1. Он сегиз жашка жетпеген (бойго жете элек) адам бала деп таанылат.
2. Ар бир бала, үй-бүлөдө жашоого, атасын да, энесин да билүүгө, алардан камкордук көрүүгө, алар менен чогуу жашоого укуктуу, баланын кызыкчылыгы үчүн ата-энесинин биринен же экөөсүнөн тең ажыратылышы зарыл болгон учурларды кошпогондо.
Бала өз ата-энесинин колунда тарбияланууга, кызыкчылыктарынын камсыз болушуна, ар тараптуу өсүп-жетилишине, анын адамдык аброюнун урматталышына укуктуу. Ата-энеси болбогондо, алар ата-энелик укуктан ажыратылганда жана ата-эненин камкорчулугунан ажыраган дагы башка учурларда баланын үйбүлөдө тарбиялануу укугу белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси менен балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөр тарабынан камсыз кылынат. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 12-июнундагы № 117 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 17.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
59-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргы Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2020-жылдын 18-июнундагы №03-р "Жанатбек Нурдинович Гульжигитовдун кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз…Решение · 18.06.2020 · № 03-р
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 4-августундагы №140 "Баланын укуктары жөнүндө конвенцияны аткаруу боюнча 2010-жылы берилүүгө тийиш болгон Кыргыз Республикасынын бириктирилген үчүнчү…Постановление · 29.07.2010 · № 140
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1327/st-59" title="59-статья - Үйбүлө кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>