Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин «Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы иштердин аткарылышы боюнча жылдык отчётун угуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) сегизинчи сессиясы 2022-жылдын 19-февралы № 8-1 Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы иштердин аткарылышы боюнча жылдык отчётун угуу жөнүндө Күн тартибиндеги маселе Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы иштердин аткарылышы боюнча жылдык отчётуна негиз, айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы иштердин аткарылышы боюнча
жылдык отчёту жакшы деп табылсын (тиркеме тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин мыйзамдуулук,укук,
тартип, этика, дин иштери, үй бүлөнү коргоо, үрп-адат жана каада-салттар боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага:
Женишбай уулу Э.
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) кезектеги сегизинчи сессиясынын 2022- жылдын 19-февралындагы №8-1 токтомуна тиркеме
Урматтуу төрага жана депутаттар. Жалпы сессиянын катышуучулары! Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2021-жыл ичиндеги социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча аткарылган иштери
Кыргыз-Ата айыл аймагыбызда социалдык жана башка маселелерди чечүүдөгү алдыга койгон иш-пландарыбыз ишке ашууда. Атап айтканда: 2021-жыл ичинде айыл өкмөттүн киреше бөлүгү жалпысы болуп-17170,5 миңсомго бекитилген. Ал эми такталган план 18777,1 миң сом болсо, иш жүзүндө17402,2 сомго аткарылып 102,3% түздү. Кыргыз-Ата айыл өкмөтү боюнча 2021-жыл ичинде жыйналган салыктар боюнча маалымат
№
Салыктын түрү
План
Аткарыл ганы
Пайызы
Айырмасы
2020-ж. салышты рмалуу
1
Милдеттүү патент
90,0
100,9
112,6
+10,9
-24,5
2
Ыктыярдуу патент
830,0
846,5
101,98
+16,5
-9,6
3
Мүлк
113,0
127,5
112,8
+14,5
+18,0
4
Транспорт салыгы
1750,0
1753,4
100,19
+3,4
-86,8
5
Жер салыгы
830,0
811,8
97,8
-18,2
+125,5
6
Айыл чарба эмес жер салыгы
220,0
293,8
133,5
+73,8
+0,7
7
Таштанды салыгы
339,0
353,3
104,2
+14,3
+5,9
8
Огород
635,0
627,7
98,9
-7,3
-16,7
Жалпысы
4807,0
4914,9
102,24
+107,9
+12,5
Милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча: 2021-жылдын 12 ай ичинде 481 кожолук милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруудан өткөрүлдү, жалпы төгүлгөн сумма 294372 сомду түздү. Өнөр жай тармагы боюнча 2021-жыл ичинде Кыргыз-Ата айыл өкмөтү боюнча электр энергиясын иштеп чыгаруучу “Сетталит” ЖЧК ишканасы, 2 булочный цех, жыгач тилүү ишканалары -3, жем тартуучу ишканалар (КДУ) -5, темир ширетүүчү устакана -2. Жогорудагы өндүрүүчүлөрдөн 2021-жылдын жыйынтыгы менен: 14 жаңыдан жумуш орундары түзүлдү; Үй-бүлөлүк бюджеттин көлөмү 45 % га көтөрүлдү Ички жана сырткы миграция азайды Өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 400000 сом; Жергиликтүү бюджетке өндүрүлгөн продукциянын эсебинен салыктын түрлөрү боюнча- 0,12 % ды түздү Ичүүчү таза суу менен камсыздоо боюнча: Бүткүл Дүйнөлүк банктын каржылоосунда айылдарды таза суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү боюнча “Ала Тоо Булагы” программасынын алкагында “Кыргыз-Ата булагы” чакан долбоору ишке ашырылды. Кыргыз-Ата айыл аймагынын 4 айылында жалпысы болуп 68682 пм суу түтүгүн орнотууга жалпы сметалык баасы 241 944 700 сом менен тендерде 5 лот коюлуп, 5 ишкана утуп алды. Айыл аймагынын 4 айылында суу түтүктөрү орнотулуп, 7 суу чыгаруучу скважиналары ишке берилди. Азыркы учурда долбоор 234 568 000 сомго же 100% иштер аткарылып бүткөрүлгөн. Таза суу учурда 2890 кожолукка суу эсептегичтери менен жана соц. обьектилерге киргизилди. Айыл аймагындагы көпчүлүк кожолуктар заманбап үлгүдөгү мончо, дараткана курууга жана ашканаларына суу түтүктөрүн киргизүүгө, автоматтык кир жуучу машинкаларын орнотууга жетишишти. Соц обьектилерге таза суу киргизилген, учурда үзгүлтүксүз суу менен камсыз болууда. Санарипке өтүү багытында: 2021-жылдын ичинде жергиликтүү бюджеттин эсебинен 120,0 миң сом бөлүнүп, калкты тейлөө жумуштары жолго коюлду. КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы №526 “Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы” автоматташтырылган маалымат системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомун аткарууга алуу багытында аймакты санариптештирүү иштеринин алкагында Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Инфоком” мамлекеттик ишканасы тарабынан иштелип чыгылган “InfoDocs” электрондук документ жүгүртүү тутумуна Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн иш-кагаздарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” №120 токтому менен бекитилген Жобонун талаптарына ылайык тутумга кошулду. Жогорку органдардын актыларын, протоколдук тапшырмаларын, чыгарылган чечимдерди ишке ашырууну өз мөөнөтүндө сапаттуу камсыз кылынды. Жарандардын жазуу жүзүндөгү (электрондук) жана оозеки кайрылууларынын бардыгын милдеттүү түрдө көзөмөлгө алынды. “Санарип аймак” программасына 1600 кожолук, 6530 үй-бүлө мүчөлөрү кошулду. Жазгы талаа жумуштары жана күздүк себүү иштери боюнча: Кыргыз-Ата айыл аймагы боюнча жалпы 2387 га себүү аянттары болуп эсептелет:
- 1174 га кайракка күздүк буудай себилген;
- 316 га суулууга күздүк буудай себилген;
- 184 га жерге арпа себилген;
- 70 га суулуу жер аянтына жашылча, картошка - 410 га,
- Жүгөрү - 180 га
- Чөп аянттары – 363 га ны түзөт. А.и 140 га суулууда, 223 га чөп жайда/
Алма сортторунан “Карлик”көчөттөрү келе баштады, картошка үрөнүнөн “Санте”, “Желе” жана “Аллегра” уруктарын дыйкандарга Голландия НУКОК тон келип жатат. Ветеринария 2022-жылдын 1-январына карата: Ири мүйүздүү мал - 6833 баш Майда жандык - 10937 баш Жылкы - 729 баш Үй канаттуулары - 13162 Айыл тургундарынын жаныбарларын 3 ветеринардык сервис тейлейт жана жылдын башында атайын иш-план түзүлүп, райондук ветеринардык башкармалык менен жылдык келишим түзүлүп, алгылыктуу иштер алынып барылды. Малдын башына карата вакциналар бөлүнүп, түзүлгөн келишимдин негизинде жумуштар аткарылып, ар ай сайын райондук ветеринардык башкармалыкка отчет берилди. Жылкыларды идентификациялоо боюнча: Кыргыз-Ата айыл аймагы боюнча 2021-жыл ичинде 60 баш жылкы идентификациядан өткөрүлдү ири мүйүздүү малдардын арасында: Сибирь жарасы, Шарп, Карасан, Кой-эчкилердин арасында:Чечек, Кара өпкө, Бруцеллез ылаңдарына каршы эмдөөлөр өткөрүлдү. Ээси жок дейди жана кутурма оорусуна эмделбеген 320 ит атылып жок кылынды. Ал эми майда жандыктардын REV-1 вакцинасы менен эмделгени 350 баш. 2021-жылдын күз айларында райондун мергенчилери тарабынан жайыт жерлеринде 3 жолу чөөбөрүлөрдү атуу уюштурду. Өзгөчө кырдаалдар, курулуш жана жарандык коргонуу боюнча: 2021-жылдын 6-августундагы жүргөн селдин кесепеттерин жоюу боюнча Ак-Булак сел өтүүчү сайынын 1,5 км аралыгы айыл өкмөтүнүн экскватору менен тазаланып, жээктери бекемделди. Ошондой эле Кыргыз-Ата айылынын Күнгөй участогундагы селден жабыр тарткан 1,8 км жол оңдолуп, 950 метр сугат үчүн арыктар оңдолду. Бул жумуштарды аткарууга айыл өкмөтүнун бюджетинен 100,0 миң сом акча сарпталды. Жарандык коргонуу боюнча КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ноокат райондук бөлүмүнүн адистери менен биргеликте 2021-жылдын 15-16-июнь күндөрү Ак-Булак айылынын тургундары менен табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча атайын окуулар өткөрүлдү. 2021-жыл ичинде К. Каримов атындагы орто мектептин 375 орундуу 2 этаж имараты , Курак-Тектир орто мектебинин 190 орундуу 2 этаж имараты, А. Парпиев атындагы мектеп-гимназиясынын актовый зал, спорт зал, ашкана, библиотека үчүн имаратынын курулушу жүргүзүлүп жатты. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы социалдык тармакта 2021-жыл ичинде аткарылган иштер тууралуу маалымат. Билим берүү. Айыл аймагындагы жалпы билим берүүчү мектептерде 2020-2021-окуу жылында 309 мугалим 3896 окуучуга билим-тарбия беришти. Алардын ичинен 276 окуучу 9-классты, 196 окуучу 11-классты бүтүрүштү. 11-класстын 151 бүтүрүүчүсү Жалпы республикалык тестирлөөгө катышышты, анын ичинен 102 окуучу (67,5%) 110 жогору балл алышты. Айыл аймагы боюнча эң жогорку балл 214 (А.Парпиев ат.мект.-гимн.), орточо балл 140 (эң жогорку орточо балл А.Парпиев ат.мект.-гимн. 151) болду. Жылдагыдан өзгөчөлөнүп, бул жылы 5 бүтүрүүчү “Алтын тамга” артыкчылык аттестатын алышты, алар - А.Парпиев атындагы мектеп-гимназиясынын 3, К.Каримов атындагы орто мектебинин 1, Борко мектеп-гимназиясынын 1 бүтүрүүчүлөрү. Айыл өкмөтүнүн 28.06.2021-жылдагы №115 буйругу менен 5 Алтын тамга артыкчылык аттестатына татыктуу болгон жана ЖРТдан 190 дон жогору балл алган 5 бүтүрүүчүлөр айыл өкмөтүнүн Ардак Грамотасы менен сыйланышты. Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” №1 Жарлыгынын негизинде өткөрүлгөн райондук “Атам, апам жана мен-дени сак үй-бүлөбүз” аттуу кароо-сынакка Борко айылынын тургуну, К.Каримов атындагы орто мектебинин мугалими Бөрүбаева Назгүл Имаралиевна үй-бүлөсү менен катышып, биринчи орунду камсыз кылып, райондук мамлекеттик администрациянын баалуу белеги жана Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн Ардак Грамотасы, акчалай сыйлыгы менен сыйланды. Бул үй-бүлөнү кароо-сынакка даярдоодо жакындан жардам берген К.Каримов атындагы орто мектебинин жетекчилигинин эмгегин белгилеп кетемин. 2021-2022-окуу жылында 325 мугалим 4011 окуучуга билим-тарбия беришүүдө. 9-класста 299 окуучу, 11-класста 211 окуучу ( 84 уул, 127 кыз) окуп жатышат. Балдар бакчалары. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы 8 балдар бакчасында 131 кызматкер эмгектенип, 566 бала тарбияланууда. Кыргыз-Ата айылында “Жылдызча-Нур” балдар бакчасына кошумча 50 орундуу 2 кабаттуу балдар бакчасы курулду. Аялуу катмар. Айыл аймагында 2021-жылы 14 жалгыз бой кары-картаңдар каттоого алынган. 614 адам ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген а.и. 16 бала ДЦП, 18 жашка чейинки ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 148 бала бар, жалгыз бой энелердин балдарынын саны - 24. 9 адам В-20 илдетине, 22 адам кургак учук илдетине чалдыккандар. 7 бала тоголок жетим, 241 жарым жетим бала бар. 2021-жыл үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыз болгон жарандарга, карыяларга 300,0 миң сом каралган жана төмөнкүдөй иштетилди: 1-2-кварталда 180,0 миң сом акча каражаты смета боюнча максаттуу жумшалды (В-20, кургак учук, тоголок жетим балдар). Ал эми 3-кварталда Кыргыз Республикасынын “Билим берүү” мыйзамынын “Окуу куралдарын сатып алууга көмөктөшүү тууралуу” №36 беренесине ылайык, айыл аймагындагы колдоого муктаж 100 окуучуга 50000 (элүү миң) сом акча каражаты таркатылды. 4-кварталда 1-октябрь -Улгайгандар күнүнө карата 14 жалгыз бой карыяга 14 000 сом, , 36 жашы улуу жарандарга 20 000 сом, 3-декабрь – Майыптар күнүнө карата 65 ДМЧ жарандарга 36 000 сом берилди. Кыргыз-Ата айыл аймагында бүгүнкү күндө 80 жаштан өткөн 158 карыя бар, алардын ичинен 100 жаштан өткөн 3 адам, 90 жаштан өткөн 27 адам. Айыл аймагы боюнча жалпысы 2212 пенсионер бар, анын ичинен 147 багуучусун жоготкон ( 241 бала), 1627 курагы боюнча, 440 майыптыгы боюнча пенсионерлер. Айыл аймагында азыркы күндө “Баатыр Энелердин” саны 274, анын ичинен пенсия жашындагылар 238, пенсия жашына жете элек жаш “Баатыр Энелер” 36, алардан мамлекеттик жөлөк пул алуучулар 30 үй-бүлө. “Эне Даңкы” медалын алган энелер 15. Ал эми “Баатыр Энелердин” пенсиясына ай сайын 1000 сомдон кошулуп төлөнөт, мамлекеттик ооруканаларда, самолет жана автоунааларга түшкөндө кезек күтпөй жана төлөнүүчү суммасынан жеңилдик бар. Айыл аймагы боюнча “Үй-бүлөгө көмөк” пул алуучу үй-бүлөлөрдүн саны 608 , 2046 бала айына 1млн.657 миң 260 сом көмөк пул алат. Жалпысы 3418 кожолук бар, мамлекеттик жөлөк пул алуучу үй-бүлөлөр 17.8%. 17 жашка чейинки бала саны 7221, анын ичинен 28.3%ы жөлөк пул алат. Саламаттык сактоо тармагы Айыл аймагындагы “Кыргыз-Ата” айылдык ооруканасындагы (20 койкага эсептелген), төрөт үйү, № 10 23, 26-үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда, Кара-Кой, Борко ФАПтарында эмгектенген 5 дарыгер, 55 орто жана 27 кенже медкызматкерлер бүгүнкү күндөгү жугуштуу илдет учурунда элге түнү-күнү стационардык жана амбулатордук кызмат көрсөтүп жатат жана ОМИКРОН илдетине каршы эмдөө (вакцина) иштерин жүргүзүшүүдө. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн маданият, спорт жана туризм тармагында: Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жаштар, спорт иштери боюнча бөлүмүнүн 2018-2022-жылдарга “Спорттук Кыргызстан” программасынын алкагында аткарылган иштери боюнча, Кыргыз-Ата айыл аймагындагы айыл жаштары арасында “Жаштардын тилеги ынтымак” аттуу спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш болуп өттү. Мелдешке 5 айылдан 13 команда 40 жашка чейинки курактагы эркектердин курама командалары катышты. Мелдеш айыл аймактагы борбордук спорт комлексинде өткөрүлдү. Мелдешти айыл аймактын жаштар,спорт бөлүмү жогорку деңгээлде өткөрдү. Мелдешке Ак-Булак 1,2, Көтөрмө 1,2, Борко 1,2, Кыргыз-ата 1,2, Кара-кой 1,2 командалары күч сынашты. Жыйынтыгында мелдештин уюштуруучусу айыл аймактын жаштар, спорт бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Ташбалта уулу Алтынбек мелдешке келген жалпы 150дөн ашуун жарандарга өлкөнү өнүктүрүүгө жаштардын салымын кошууга үндөгөн жана мекенибизди спорт тарабынан Кыргызстанды дүйнөгө таанытууга Кыргыз-Ата жаштарын чакырды. Ошондой эле 2018-2022-жылдарга “Спорттук Кыргызстан” программасын ишке ашыруу максатында аймагыбыздагы Кыргыз-ата айылында жайгашкан Темиралиев атындагы орто мектептин спорттук залын айыл жаштарынын демилгеси менен 600 000 сомдук каражат жумшалып толук ремонттон өткөрүлүп, мектеп окуучуларына толук шарт түзүлдү. Айыл өкмөтүнүн демилгеси менен түзүлгөн айыл жаштары үчүн “Боец” аттуу эркин күрөш клубу ачылган. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн демилгеси менен мектеп окуучулары арасында эркин күрөш боюнча мелдеш болуп өттү. Мелдешке Ноокат району боюнча 10го жакын күрөш клубу катышып, жыйынтыгында жалпы эсеп боюнча Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн “Боец” клубунун балбандары жеңишке жетишип, айыл өкмөтүнүн баалуу сыйлыктары жана дипломдору менен сыйланышты. Райондук деңгээлде тынымсыз жер-жерлерде өткөрүлүп жаткан кыз-келиндер арасында спорттун волейбол боюнча “Аялдар Лигасы” мелдешке Кыргыз-Ата кыз-келиндер командасы катышып жакшы жетишкендиктерге жетишип жатышат. Кыргыз-Ата айыл аймагында Улуу Жеңиш майрамы жыл сайын өткөрүлөт. Быйылкы жылы Улуу Жеңиштин 76 жылдыгы белгиленди. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндө азыркы мезгилде Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жок ал эми ооруктун 45 ардагерлери бар. Ардагерлер айыл өкмөт тарабынан тынымсыз кабар алынып турат. Ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларын эскерип туруу максатында, айыл өкмөтүнүн имаратынын алдында “Өчпөс от” эстелиги орнотулуп согуш ардагерлеринин тизмеси алтын тамга менен жазылып, быйылкы жылы толук ремонттон өткөрүлдү. Ал эми айыл аймактагы жалпы билим берүү мекемелериндеги Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана ооруктун ардагерлерине аталган музей жана эстеликтерди актап сырдоо жана тазалоо үчүн айыл өкмөт тарабынан тапшырмалар берилди. Майрамдык салтанат жогорку деңгээлде өттү. Атап айтсак Өчпөс оттун алдында парад өткөрүлүп эстеликке гүл чамбарлар коюлду. Жалпы катышуучуларга маданият кызматкерлери тарабынан даярдалган концерттик программалар коюлуп, жыйынтыгында куран окулуп бата кылынды. Андан соң айыл аймактын борбордук спорт комплексинде айыл жаштары үчүн (мырзалар, кыз-келиндер) спорттук иш-чаралар өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө айыл өкмөт тарабынан дипломдор жана баалуу сыйлыктар тапшырылды Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн Көтөрмө айылында «Биз кылмыштуулукка, үй бүлөлүк зордук зомбулукка, диний экстремизмге, эрте турмушка чыгууга, коррупцияга, суицидке каршыбыз жана жугуштуу оорулардын алдын алуу», Мекенди коргоо ыйык милдет» аттуу акциялык жүрүш болуп соңунда райондон келген тиешелүү адистер менен жыйын болуп өттү. Кыргыз-Ата айылдык аймагынын мекеме-ишканаларын жана калкын 2021-2022-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдыгы тууралуу маалымат. Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын 04-май № 100-б буйругунун негизинде Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндө 2021-жылдын 14-майында № 100-буйрук иштелип чыгып, анда кышка даярдык көрүү боюнча 9 кишиден штаб курамы түзүлгөн. Социалдык обьектилерге керектелүүчү электр энергиясы 1041,9 миң квт жана 229,0 т көмүр отуну боюнча лимит бөлүнүп берилген. Анын ичинен БК 125,0 тонна мектептерге, 104 тонна балдар бакчаларына тендерге жарыя берилип ОсОО “Оомат-Кен ЛТД” 856850 сомго утуп, жеңүүчү болуп аныкталды. Көмүр Алай районунун Мурдач карьеринен ташылып жатат. Көмүрдүн баасы 1 тоннасы 3742 сомго туура келди. Көмүр үчүн 1000000 сом акча каралып, 229 тонна көмүр 856850 сомго тендерден утуп алынды. Сентябрь айынан баштап ар бир мектеп, балдар бакчасына көмүрлөрү түшүрүлүп берилди. С. Токторов атындагы орто мектепке 38,0 тонна, “Көтөрмө-Нур” балдар бакчасына 14,0 тонна, Борко лицейине 15 тонна, А. Парпиев атындагы мектеп-гимназияга 40 тонна, К. Коконбаева балдар бакчасына 12 тонна, Чоң-Кыштоо башталгыч мектебине 10 тонна, “Мераж-Нуру” балдар бакчасына 10 тонна, “Кызгалдак-Ак-Булак” балдар бакчасына 15 тонна, Бөпөмай балдар бакчасына 8 тонна көмүр түшүрүлдү. Жалпысы 229 тонна көмүр түшүрүлдү. Жалпы социалдык мекеме-ишканалар көмүр менен камсыз болду. Штаб мүчөлөрү жана айылдык кеңештин депутаттары менен биргеликте айыл аймагындагы жалпы социалдык обьектилер текшерилип, күз-кыш айларына карата зарыл болгон запастык бөлүктөр аныкталып, сатып алуу порталына жарыяланып, азыркы мезгилде бардык социалдык мекемелердин жылуулук системалары ремонттон чыгарылды.. Ошондой эле туруктуу комиссиянын отурумунда мектеп жана балдар бакча директорлору менен биргеликте талкуу жүргүздүк. Ар бир мектеп, балдар бакчаларына жазылган запастык бөлүктөр 2021-жылдын 15-сентябрына чейин толугу менен орнотулду. Запастык бөлүктөр үчүн айыл өкмөттөн 470,0 миң сом каралган. Комиссия менен керектүү запастык бөлүктөрдү эсептеп чыкканда 360775 сом запастык бөлүктөр алынды. Кышка даярдыкта электр чубалгыларына тоскоол болгон бак-дарактарды кыюу боюнча 2021-жылдын 23-августунда айыл өкмөтүнүн № 155 буйругу чыгып, 10-сентябрга чейин мөөнөт коюлуп, 2-сентябрдан тоскоолдук кылган дарактарды кесүү башталып, азыркы учурда бак-дарактар толук кыйылды. Ушул мезгилге чейин кышка даярдык боюнча түзүлгөн штабдын отуруму 5 жолу өткөрүлдү. Аксакалдар сотунун аткарган иштери тууралуу Бардыгы 32 иш каралды: Үй-бүлөлүк жаңжалдар 4, анын ичинен 3 үй-бүлө жарашылды. Ажырашуу маселелери-1, жер маселеси боюнча 9 арыз өз убагында чечилди. Жолдорду кеңейтүү маселелери-4, акча маселелери боюнча- 2, салык маселелери боюнча-2. Бардык кароого келген маселелер 32 арыз-даттануу каралды. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы РИИБ нин участкалык инспекторунун (ИДН) кылмыштуулуктун абалы боюнча маалыматы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2021-жыл ичинде катталган кылмыштар боюнча, жалпы 30 кылмыш катталган, анын ичинен;
- Уурулук - 7
- Дайынсыз жоголуу – 3
- Каза болгондор – 2
- Авто унаа кырсыгы – 2
- Документ жасалмалоо – 1
- Мыйзамсыз курал сактоо – 1
- Алдамчылык – 6
- Сот өкүмүн аткаруудан баш тартуу – 1
- Өз өмүрүнө кол салуу – 3
- Добуш сатып алуу – 1
- Денеге залал келтирүү – 2
- Бөтөн мүлккө ээлик кылуу – 1
43 жоруккатталган, аныничинен;
- жолунаакырсыгы – 3
- денезалалкелтирүү – 17
- уурулук – 12
- майда бейбаштык – 5
- өрттөнү – 1
- үй-бүлөлүк зордук-зомбулук – 1
- мүлккө залал келтирүү – 2
- алимент – 1
- соттун чечимин аткаруудан баш тартуу – 1
Бузуулар кодекси боюнча жалпы – 74 протокол түзүлдү. Ар кандай себептер менен профилактикалык каттоого алуу – 34. Бардык иштердин бети ачылды. Аскердик эсепке алуу (ВУС) кызматкерлери тарабынан 2021-жыл ичинде төмөндөгүдөй иштер аткарылды: Ноокат РВК тарабынан 8 аскерге милдеттүүгө “Мобилизациялык резервдик жыйындар” кызматына план берилип, 13 балага аткарылды; Жазгы-күзгү чыныгы жана альтернативдик кызматка чакыруудан план 30 бала берилип, 27 бала жөнөтүлдү; Альтернативдик кызматка төлөмдөр 66 жарандан 1500 сомдон ар айга төлөнөт, бүгүнкү күнгө карыздар жок.
Кыргыз-Ата айыл аймагынын 2021-жылдын 9 айында ар түрдүү тармактар аркылуу тартылган инвестициялар жана аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат
Айылдын аталышы
Долбордун аталышы
Ким тарабынан каржыланган
Жалпы сумма
Жумуш чу орду
Өндүрүштүн кубаттуулугу ж.б маалыматтар
Факт аткарылган сумма
Сыркы инвестиция
А/округ жер.бюджет
Респ.бюджет
Жаамат
Жеке ишкер
сумма
ким тарабынан
сумма
сумма
ким тарабынан
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
Кыргыз-Ата айыл өкмөтү
Баткенге жардам
1415,0
1415,0
1415,0
Кыргыз-Ата
Айылдардагы кожолуктардын санитардык абалын жакшыртуу долбоору
1770,0
АРИС
1770,0
1770,0
Кыргыз-Ата
Тайлакбай Темиралиев атындагы орто мектебинин спорт залынын полун ремонттоо
100,0
350,0
300,0
750,0
1
Полу жаныдан кагылды. Терезе-айнектер чонойтулуп башка коюлду. Баскедбол, валейбол сетка илинди
750,0
Кыргыз-Ата
Э.Маманов атындагы балдар бакчасына жасалма жылгаяк жасоо
30,0
30,0
өспүрүм балдарга шарт түзүлдү
30,0
Кыргыз-Ата
Борбордук жолдорго аялдама куруу 7даана
20,0
90,0
90,0
200,0
айыл тургундары үчүн шарт түзүлдү
200,0
Кыргыз-Ата
“Жалгыз Өрүк” тоо көчкусү бар жерге көчөт эгүү
40,0
30,0
70,0
2000 даана көчөт эгилди
70,0
Кыргыз-Ата
Мечет куруу “Хадича”р.з.а.атындагы мечет бүткөрүлүп тапшыруу
450,0
1500,0
1950,0
2
мечит курулду, 3 жеке ишкерлер менен
1950,0
Кыргыз-Ата
Кыргыз-Ата мечитине сел-суу кирген жол жагына бетон кую жана тосмону ондоп краскалоо
400,0
400,0
400,0
Кыргыз-Ата
№ 26 ГСВ стимгрант менен кап. ремонт
502,0
2100,0
2602,0
300,0
Кыргыз-Ата
А.Парпиев гимназиясынын спорт зал актовый зал,ашкана,библиотека курулушу башталды
25000,0
25000,0
7100,0
Кыргыз-Ата
Т.Темиралиев атындагы орто мектебинин спорт залына навес куруу
90,0
90,0
90,0
Кыргыз-Ата
Таш канал боюна шагыл төшөө 650м
110,0
110,0
110,0
Кыргыз-Ата
Ж. Жээнбеков, М.Токторов атындагы көчөгө 13 даана столба орнотулду
140,0
40,0
180,0
180,0
Кыргыз-Ата
Орто Мечитеги шамай каналына көпүрө курулду
125,0
125,0
125,0
Кыргыз-Ата
Күнгөйгө арык ачуу
7,0
15,0
22,0
22,0
Кыргыз-Ата
Чакан ГЭС
60000,0
60000,0
1/800 4 агрегат
53000,0
Ак-Булак
Жарыктандыруу “Ысмаилов Тынчтык” атындагы көчөсү
134,0
134,0
27 даана светильник коюлду
134,0
Ак-Булак
Суу өтүүчү труба орнотуу
80,0
80,0
4 даана чон труба 50мм
80,0
Ак-Булак
“Кызгалдак-Ак-Булак” балдар бакчасына ашкана куруу
450,0
450,0
450,0
Көтөрмө
Жарыктандыруу “Достук” көчөсү
100,0
100,0
21даана светильник коюлду
100,0
Көтөрмө
К.Каримбердиев атындагы көчөсүн тротуарына шагыл төшөө
160,0
160,0
1 км
160,0
Көтөрмө
Абдыраимов көчөсүнө асфальт басуу жана латок орноту 450м
740,0
740,0
740,0
Көтөрмө
Көтөрмө маданият үйүнүн арткы жагындагы чатырын алмаштыруу
80,0
80,0
80,0
Көтөрмө
Төрөев Баатырдын соода дүкөнү жана аптекасынын курулушунун бүткөрүлүшү
2000,0
2000,0
2000,0
Көтөрмө
Эргешов Жармаматтын соода дүкөнү
2900,0
2900,0
2900,0
Борко
К.Коконбаев, А.Мурзаев көчөлөрүнө жол белгилер орнотулуп жөө жүрүчүлөр үчүн жол сызыктарын бүткөрүү
140,0
140,0
140,0
Борко
А.Бөдөев көчөсүнө тротуар үчүн шагыл төшөлдү. 250шт латок коюлат,асфальт.
1100,0
1100,0
1100,0
Борко
Борко мечитине навес куруу
150,0
150,0
150,0
Борко
К.Каримов атындагы орто мектебинин курулушу
71210,6
Араб өнүк фон.
71210,6
1-2 кабаты бүткөрүлды
64000,0
Борко
О.Бакиров атындагы көчөгө темир,бетон столба орнотуу жана зым тартуу
50,0
350,0
400,0
29 даана столбага зым тартылды
400,0
Борко
У. Нематов көчөсүнө асфальт басуу
400,0
400,0
150 метр
400,0
Кара-Кой
Кара-Кой жолун ондоо үчүн шагал төгүү, грейдер салуу
5,0
100,0
105,0
105,0
Кара-Кой
Курак-Тектир орто мектебинин курулушу
46000,7
300,0
100,0
46400,7
1/190
13000,0
Жалпы
118981,3
3859,0
27200,0
3595,0
67629,0
221264,3
3
153451,0
Тартылган инвестициялар:
Сырткы инвестиция Айыл өкмөтүнүн бюджетинен Республикалык бюжеттен Жааматтан Жеке ишкерлерден Бардыгы анын ичинен факт.аткарылганы
- 118981,3 м.с
- 3859,0 м.с
- 27200,0 м.с
- 3595,0 м.с
- 67629,0 м.с
- 221264,3 м.с
- 153451,0 м.с
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин жооптуу катчысы:
К. Заирова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.