9-статья. Менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын мил-
Күчүндө · 07.08.2023 редакциясы · III бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164
деттери
1. Менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар:
1) өздөрүнүн мобилизациялык даярдыгынын абалы, мобилизациялык даярдыктын таламында түзүлгөн келишимдерди (контракттарды) жана мобилизация учурунда жана согуш мезгилиндеги заказдарды (тапшырмаларды) аткаруу үчүн жооп берет;
2) мобилизация учурунда жана согуш мезгилинде заказдарды (тапшырмаларды) аткаруу боюнча келишимдик милдеттенмелерди жүзөгө ашыруу максатында өндүрүштү даярдайт;
3) мобилизациялык даярдык жана мобилизациянын таламында продукция берүү, иш аткаруу, кызмат көрсөтүү заказдарын (тапшырмаларды) орундатат;
4) мобилизация жарыяланган учурда өндүрүштү согуш мезгилинин шартында иштөөгө которуу боюнча иш-чараларды жүргүзөт;
5) аскер комиссариаттарын ишине көмөк көрсөтөт;
6) өзү менен эмгектик мамиледе турган жана аскерге чакырылуучу жарандарга өз убагында кабар берүүнү, аларды жеткирүүнү, жыйын пункттарына же аскер бөлүктөрүнө техника берүүнү, имараттарды, курулуштарды, коммуникацияларды, мобилизация боюнча транспорттук жана башка материалдык каражаттарды берүүнү уюштурат жана камсыз кылат;
7) мобилизация учурунда жана согуш мезгилинде аскерге милдеттүү жарандардын ичинен жетекчилерди, адистерди, квалификациялуу жумушчуларды жана кызматчыларды калтыруу (брондоо) боюнча иш жүргүзөт;
8) экономиканын тийиштүү тармагында аскерге милдеттүүлөр калтырылуучу (брондолуучу) кызматтардын жана кесиптердин тизмесине өзгөртүүлөр киргизүү боюнча тийиштүү министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге жана акимдик ведомстволорго сунуш киргизет;
9) мобилизация пландарына ылайык жыйын пункттарына жана аскер бөлүктөрүнө техника берүүнү камсыз кылат.
2. Эгерде, өндүрүштү мобилизациялык жайгаштыруудан кийин менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын мүмкүнчүлүктөрү заказдарды аткарууга шарт түзсө, алар мобилизация учурунда жана согуш мезгилинде мамлекеттин коргонуу таламында заказдарды (тапшырмаларды) аткарууга келишим (контракт) түзүүдөн баш тартууга укуксуз болушат.
3. Менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар мобилизация учурунда жана согуш мезгилинде мамлекеттин коргонуу таламында заказдарды аткарууга келишим түзүүдө мамлекеттик бийликтин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарынан ал заказдарды аткарууну каржылык, эмгектик, энергетикалык жана материалдык-техникалык ресурстар менен камсыз кылууга көмөктөшүүсүн талап кылууга укуктуу болушат.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакцияына ылайык)
Берененин тексти 07.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"Редакцияларды салыштыруу
07.08.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…өзү менен эмгектик мамиледе турган жана аскерге чакырылуучу алынып салынды: граждандарга кошулду: жарандарга өз убагында кабар берүүнү, аларды жеткирүүнү, жыйын пункттарына же … мобилизация учурунда жана согуш мезгилинде аскерге милдеттүү алынып салынды: граждандардын кошулду: жарандардын ичинен жетекчилерди, адистерди, квалификациялуу жумушчуларды жана … менен камсыз кылууга көмөктөшүүсүн талап кылууга укуктуу болушат.
кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакцияына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын коргонуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 07.08.2023 · № 164
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/132/st-9" title="9-статья - Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>