10-статья. Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктары жана
Күчүндө · 07.08.2023 редакциясы · III бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164
Милдеттери (Аталышы Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакцияына ылайык)
1. Мобилизация мезгилинде жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчылары үчүн белгиленген бардык укуктардан жана жеңилдиктерден пайдаланышат.
2. Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттин мобилизациялык даярдыгын камсыз кылуу максатында:
1) жашаган жери боюнча аскердик катталууда турушат;
2) согуш мезгилинде өзүнүн аскердик кызматын аныктоо үчүн, аскер комиссариатына чакыруу боюнча келишет;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка милдеттерди аткарышат;
4) мобилизациялоо мезгилинде жана согуш учурунда өлкөнү коргоону жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу максатында өзүнүн менчигинде турган имараттарды, курулмаларды, транспорт каражаттарын жана башка мүлктү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте алар тарткан чыгашалардын ордун мамлекет тарабынан толтуруп берүү менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүп берет.
5) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө жана башка аскердик (атайын) түзүлүштөргө катталган транспорт каражаттарын жана мүлктү мобилизациялоо мезгилинде жана согуш учурунда тиешелүү аскер комиссариаттарынын мобилизациялык наряддары менен белгиленген пункттарда жана мөөнөттөрдө беришет;
6) мобилизациялоо жарыяланганда жана согуш мезгилинде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө жана башка аскердик түзүлүштөрүнө аскердик-транспорттук милдетти аткаруу тартибинде өткөрүп берүү үчүн аскер комиссариаттарынын мобилизациялык наряддары менен аныкталган аларга таандык транспорт каражаттарын өткөрүп берүү, сатуу, жоготуу же техникалык жана башка себептер менен иштен чыккандыгы жөнүндө тиешелүү аскер комиссариаттарына билдирет.
3. Кыргыз Республикасынын мобилизациялык көрсөтмө же аскер комиссариатынан чакыруу алган жарандары аларда көрсөтүлгөн талаптарды аткарууга милдеттүү.
4. Кыргыз Республикасынын жарандары мобилизациялык даярдык жана мобилизация жаатындагы милдеттерди аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
5. Жарандар - транспорт каражаттарынын ээлери, аскерий башкармалыктын жергиликтүү органдарынын кызмат адамдарынын аскердик-транспорттук милдеттерди аткаруусу менен байланышкан укукка сыйбаган чечимдерине жана аракеттерине (аракетсиздиктерине) жарандык-процесстик, административдик тартипте даттанууга укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-декабрындагы № 114, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 07.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 1 декабря 2022 года № 114 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере обеспечения обороноспособности Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын коргонуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 07.08.2023 · № 164
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/132/st-10" title="10-статья - Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>