Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Чуй айылдык кенешинин «Чүй айылдык кенешинин 2020 –жылдын 04-февралындагы № 26/4 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө»
ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2020-жылдын 9-декабры № 35/10 Чүй айылдык кенешинин 2020 –жылдын 04-февралындагы № 26/4 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Чүй айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу Жекшен уулу Аскаттын 2020-жылдын 12-ноябрындагы чыгыш № 04-2/1131 катын карап чыгып жана депутаттарынын сунуштарын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесине, Кыргыз Республикасынын 26-январындагы № 30 Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 515 «Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө» типтүү жобого ылайык, Чүй айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чүй айылдык кенешинин 2020–жылдын 04-февралындагы № 26/4 токтомундагы 1-бөлүмчөсүнүн таблица жүзүндө №7 санындагы көрсөтүлгөн «Жайыт жерин балык чарбасына пайдалануу» жокко чыгарылсын.
2. Чүй айылдык кенешинин 2020-жылдын 04-февралындагы № 26/4 токтомунун 3 бөлүмчөсүндө көрсөтүлгөн «Балык чарбасын уюштуруу үчүн жайыт жеринен ар бир келишим түзгөн ижарага 0,30 гектар жер убактылуу берилсин» жокко чыгарылсын.
3. Чүй айылдык кенешинин 2020-жылдын 04-февралындагы № 26/4 токтомуна, жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү үчүн, мыйзамдын эрежелерин сактоо менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 515 «Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө» типтүү жобосунун б.3, б.4, б.5, б.6, б.7, б.8 б.15, б.16, б.17 бөлүмдөрүнө ылайык толуктоолор киргизилсин.
4. Чүй айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Ж. Бекжанов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 515 «Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө» типтүү жобосунун негизинде гана иш алып баруу милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык Кеңешинин жер жана агрардык комитетинин төрагасы Р.Токомбаевге жана Чүй айылдык Кеңешинин каржы, экономика жана бюджет комитетинин төрайымы А.Иманалиевага жүктөлсүн.
Төрага
З.Амангельдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (5)
- Чуй айылдык кенешинин 2020-жылдын 4-февралындагы №26/4 "Чүй айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2020 –жылга жайыттарды пайдалануу үчүн жайыт акысын бекитүү туралуу" токтомуПостановление · 04.02.2020 · № 26/4
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 515 "Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тартиби жөнүндө" токтомуПостановление · 13.09.2013 · № 515 · Күчүн жоготкон
- Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 515…Типовое положение · 13.09.2013 · № 515 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
- Жайыттар жөнүндөЗакон · 26.01.2009 · № 30 · Күчүн жоготкон