Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаардык кенешинин «Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын уставын бекитүү жөнүндө» токтому
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ 2020-жылдын 14-январы № 144 Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алып, Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын жыйындарында (чогулуштарында) Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын уставынын долбоорун талкуулап, Бишкек шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын уставы, тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясы Жергиликтүү жамааттын уставын өзүнүн расмий сайтына жарыяласын.
3. Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2002-жылдын 22-майындагы №122 “Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын уставын жаңы редакцияда бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин төрагасына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.
Төрага
Ж.Б. Абиров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 3
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Борбордун статусу жөнүндөЗакон · 12.12.2013 · № 218
- Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын УСТАВЫУстав · 14.01.2020 · № 144
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон