Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 „Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 29 августа 2022 года № 474 "О внесении изменений в некоторые решения Кабинета Министров Кыргызской Республики, регулирующие условия оплаты труда работников бюджетной сферы"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-08-29.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 12-февралы № 51 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3-пунктунун бешинчи абзацындагы ", дипломатиялык кызматтын кызматкерлеринин кызматтык маяналарына - дипломатиялык ранг үчүн" деген сөздөр алып салынсын;
- жогоруда аталган токтомго 7-тиркеме ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган токтомго 10-тиркеменин 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
М. Абылгазиев
Тиркеме
"7-тиркеме
Мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын кызматтык маяналарына класстык жана атайын чиндери үчүн үстөктөрдүн ӨЛЧӨМДӨРҮ
№
Класстык жана атайын чин
Үстөктөрдүн өлчөмдөрү (сом менен)
1. Жогорку кызмат орду
1
Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, юстициянын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 1-класстагы муниципалдык кеңешчиси
1800
2
Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, юстициянын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 2-класстагы муниципалдык кеңешчиси
1700
3
Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси
1600
2. Башкы кызмат орду
4
Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси, юстициянын 1-класстагы кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси
1400
5
Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси, юстициянын 2-класстагы кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси
1300
6
Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси, юстициянын 3-класстагы кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси
1200
3. Улук кызмат орду
7
Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы инспектору, 1-класстагы юрист, муниципалдык кызматтын 1-класстагы инспектору
1000
8
Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы инспектору, 2-класстагы юрист, муниципалдык кызматтын 2-класстагы инспектору
900
9
Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы инспектору, 3-класстагы юрист, муниципалдык кызматтын 3-класстагы инспектору
800
4. Кенже кызмат орду
10
Мамлекеттик жарандык кызматтын кенже инспектору, кенже юрист, муниципалдык кызматтын кенже инспектору
600
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 "Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын жөнгө салуучу Кыргыз…Постановление · 29.08.2022 · № 474
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө…Постановление · 01.03.2017 · № 131 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 "Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын жөнгө салуучу Кыргыз…Постановление · 29.08.2022 · № 474
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө…Постановление · 01.03.2017 · № 131 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон