13-статья. Өндүрүштүк объекттердин жана продукциянын техникалык жөнгө салуу жаатындагы ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык келиши
Күчүн жоготкон · 05.06.2026 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 5 июня 2026 года № 82.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 26 июля 2016 года № 142
Өндүрүштүк объекттердин, ошондой эле машиналардын, механизмдердин жана башка өндүрүштүк жабдуулардын, технологиялык процесстердин курулуш жана реконструкциялоо долбоорлору эмгекти коргоо маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга ылайык келүүгө тийиш. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн долбоорлордун эмгекти коргоо талаптарынын долбоорлоруна ылайык келиши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу органдын корутундусуз өндүрүштүк объекттерди курууга, реконструкциялоого, техникалык жактан кайра жабдууга, жаңы техниканы өндүрүүгө жана ишке киргизүүгө, жаңы технологияларды ишке киргизүүгө тыюу салынат. Жаңы же реконструкциялануучу өндүрүштүк обьекттер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу органдын корутундуларысыз пайдаланууга кабыл алынбайт. Өндүрүштө зыяндуу же коркунучтуу заттарды, материалдарды, продукцияларды, товарларды колдонууга жана тиешелүү техникалык регламенттерде белгиленген талаптарга ылайык келбеген кызмат көрсөтүүлөргө тыюу салынат. Иш берүүчү жаңы, мурда уюмда пайдаланылбаган зыяндуу же коркунучтуу заттарды пайдаланган учурда, аталган заттарды пайдаланганга чейин кызматкерлердин өмүрүн жана ден соолугун сактоо боюнча чараларды иштеп чыгууга жана аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу орган менен макулдашууга милдеттүү. Машиналар, механизмдер жана башка өндүрүштүк жабдуулар, транспорттук каражаттар, технологиялык процесстер, материалдар жана химиялык заттар, кызматкерлердин жеке жана жамааттык коргонуу каражаттары, анын ичинде чет өлкөдө чыгарылгандары тиешелүү техникалык регламенттерде белгиленген талаптарга ылайык келүүгө тийиш. (КР 2014-жылдын 31-октябрындагы № 149, 2016-жылдын 26-июлундагы № 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 05.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 26 июля 2016 года № 142 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об охране труда"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 31 октября 2014 года № 149 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об охране труда"Редакцияларды салыштыруу
26.07.2016 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…эмгекти коргоо талаптарынын долбоорлоруна ылайык келиши жөнүндө алынып салынды: эмгекти коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча кошулду: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу алынып салынды: мамлекеттик органдын корутундусуз өндүрүштүк объекттерди курууга, реконструкциялоого, техникалык жактан кайра жабдууга, жаңы техниканы өндүрүүгө жана ишке киргизүүгө, алынып салынды: жаны кошулду: жаңы технологияларды ишке киргизүүгө тыюу салынат.
Жаңы же реконструкциялануучу өндүрүштүк обьекттер алынып салынды: эмгекти коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча кошулду: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу алынып салынды: мамлекеттик органдын корутундуларысыз пайдаланууга кабыл алынбайт.
Өндүрүштө … жана ден соолугун сактоо боюнча чараларды иштеп чыгууга жана аларды алынып салынды: эмгекти коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча кошулду: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу алынып салынды: мамлекеттик орган менен макулдашууга милдеттүү.
Машиналар, механизмдер жана башка … талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
(КР 2014-жылдын 31-октябрындагы № алынып салынды: 149 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 149, 2016-жылдын 26-июлундагы № 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-октябрындагы № 741 "Эмгекти коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу"…Постановление · 23.10.2012 · № 741 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1293/st-13" title="13-статья - Эмгекти коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>