1-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Күчүн жоготкон · 05.06.2026 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 5 июня 2026 года № 82.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 26 июля 2016 года № 142
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкү негизги түшүнүктөр пайдаланылат: эмгекти коргоо - өзүнө укуктук, социалдык-экономикалык, уюштуруу-техникалык, санитардык-гигиеналык, дарылоо-профилактикалык, реабилитациялык жана башка чараларды камтуучу эмгек процессинин жүрүшүндө кызматкерлердин өмүрүн жака ден соолугун сактоо боюнча чаралардын тутуму; эмгек шарттары - кызматкердин эмгекке жарамдуулугуна жана ден соолугуна таасир берүүчү өндүрүштүк чөйрө менен эмгек процессиндеги факторлордун жыйындысы; зыяндуу өндүрүштүк фактор - кызматкердин оорууга дуушар болушуна же эмгекке жарамдуулугунун төмөндөшүнө таасир берүүчү өндүрүштүк фактор; коркунучтуу өндүрүштүк фактор - кызматкерди жаракатка же күтүүсүздөн ден соолугунун кескин начарлашына, өлүмгө дуушар кылуучу өндүрүштүк фактор; коопсуз эмгек шарттары - иштеп жаткандарга зыяндуу же коркунучтуу таасири жок болбосо таасир этүү деңгээли белгиленген ченемдек ашпаган эмгек шарттары; жумуш оруну - иштөөчүлөрдүн эмгек процессинде туруктуу же убактылуу орду; кызматкерлердин жекече жана жамааттык коргонуу каражаттары - кызматкерлерге зыяндуу же коркунучтуу өндүрүштүк факторлордун таасирин болтурбоо же азайтуу, ошондой эле булгануудан коргоо үчүн пайдаланылуучу техникалык каражаттар; кызматкердин жекече коргонуу каражаттары - кызматкердин дем алуу, угуу, көрүү органдарын жана терисинин сыртын жагымсыз факторлордун таасиринен коргоого багытталган каражаттар; кесиптик оору - кызматкердин өз эмгектик (кызматтык) милдеттүүлүктөрүн аткаруусуна байланыштуу зыяндуу өндүрүштүк факторлордун кызматкерге тийгизген таасиринен улам келип чыккан өнөкөт же катуу оору; кесиптик тобокелдик - өндүрүштүк чөйрө жана эмгек процессиндеги жагымсыз факторлордун кесепеттеринин натыйжасында ден соолукка зыян келтирүү мүмкүндүгүнүн өлчөмү; эмгек шарттары боюнча жумуш орундарын аттестациялоо - айкын жумуш орунундагы эмгек процессинде ден соолукту чыңдоочу иш-чараларды жүргүзүү же иштеген кызматкерлерге зыяндуу жана оор эмгек шарттары үчүн жеңилдиктер менен компенсацияларды берүү укугун тастыктоо же жокко чыгаруу үчүн адамдын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө таасир этүүчү өндүрүштүк чөйрө менен эмгек процессинин бардык факторлорунун эсебин алуу, талдоо жана комплекстүү баалоо тутуму; өндүрүштүк иш - керектүү эмгек куралдарын пайдалануу менен адамдардын өзүнө өндүрүштү жана ар түрдүү чийки заттарды кайра иштетүүнү, курулушту, ар кандай кызмат көрсөтүүнү камтыган ресурстарды даяр продукцияга айландыруу үчүн жасаган адамдардын иш-аракеттеринин жыйындысы; өндүрүштүк жаракат - кызматкердин, анын өндүрүштук ишине байланыштуу ордуна, убактысына жана кызматкердин катышуу даражасына карабастан, алган кандай болбосун жаракаты. (он бешинчи абзац КР 2016-жылдын 26-июлундагы № 142 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (он алтынчы абзац КР 2016-жылдын 26-июлундагы № 142 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) эмгек гигиенасы - кызматкерлердин ден соолугун сактоо, өндүрүштүк чөйрөнүн жана эмгек процессинин жагымсыз таасирлеринин алдын алуу боюнча санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы чаралардын жана каражаттардын комплекси; өндүрүштүк санитария - өндүрүштүк факторлордун кызматкерлерге тийгизген зыяндуу таасирине бөгөт коюучу же аны азайтуучу санитардык-гигиеналык уюштуруу иш-чараларынын жана техникалык каражаттардын системасы; атайын кийим - кызматкерди зыяндуу жана (же) кооптуу өндүрүштүк факторлордон коргоого арналган жекече коргоо каражаты, кийим, баш кийим, мээлей, бөлөк предметтер. (КР 2014-жылдын 31-октябрындагы № 149, 2016-жылдын 26-июлундагы № 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 05.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 26 июля 2016 года № 142 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об охране труда"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 31 октября 2014 года № 149 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об охране труда"Редакцияларды салыштыруу
26.07.2016 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…таасиринен коргоого багытталган каражаттар;
кесиптик оору - алынып салынды: негизинен кошулду: кызматкердин өз эмгектик (кызматтык) милдеттүүлүктөрүн аткаруусуна байланыштуу зыяндуу өндүрүштүк алынып салынды: чөйрөнүн жана эмгек процессинин жагымсыз шарттарынын кошулду: факторлордун кызматкерге тийгизген таасиринен кошулду: улам келип чыккан кошулду: өнөкөт же катуу оору;
кесиптик тобокелдик - өндүрүштүк чөйрө жана эмгек процессиндеги … катышуу даражасына карабастан, алган кандай болбосун жаракаты.
алынып салынды: эмгекти кошулду: (он бешинчи абзац КР 2016-жылдын 26-июлундагы № 142 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(он алтынчы абзац КР 2016-жылдын 26-июлундагы № 142 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
эмгек гигиенасы - кызматкерлердин ден соолугун сактоо, өндүрүштүк чөйрөнүн жана эмгек процессинин жагымсыз таасирлеринин алдын алуу боюнча санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы чаралардын жана каражаттардын комплекси;
өндүрүштүк санитария - өндүрүштүк факторлордун кызматкерлерге тийгизген зыяндуу таасирине бөгөт коюучу же аны азайтуучу санитардык-гигиеналык уюштуруу иш-чараларынын жана техникалык каражаттардын системасы;
атайын кийим - кызматкерди зыяндуу жана (же) кооптуу өндүрүштүк факторлордон коргоого арналган жекече коргоо алынып салынды: чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан эмгекти коргоо чөйрөсүндө мамилелерди жөнгө салууну жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин органы;
эмгекти коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан эмгекти коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдүк-контролдук функцияларды жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин органы.
кошулду: каражаты, кийим, баш кийим, мээлей, бөлөк предметтер.
(КР 2014-жылдын 31-октябрындагы № алынып салынды: 149 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 149, 2016-жылдын 26-июлундагы № 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (5)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-декабрындагы № 835 "Эмгекти коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 07.12.2015 · № 835
- КР ӨКМӨТҮНҮН 2015-жылдын 7-декабрындагы N 835 "Эмгекти коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 07.12.2015 · № 835 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-октябрындагы № 741 "Эмгекти коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу"…Постановление · 23.10.2012 · № 741 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 20 октября 2003 года №667 " О проекте Закона Кыргызской Республики «О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики «Об охране труда»"Постановление · 20.10.2003 · № 667 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-январындагы №57 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Кыргыз…Постановление · 26.01.2009 · № 57 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
- Эмгекти коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 26.07.2016 · № 142 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1293/st-1" title="1-статья - Эмгекти коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>