3-статья. Бирдиктүү төлөөчү тутумунун максаты жана негизги принциптери
Күчүндө · 07.08.2024 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 7 августа 2024 года № 163
Бирдиктүү төлөөчү тутумун киргизүүнүн максаты Мамлекеттик кепилдиктер программасынын аткарылышын жана саламаттык сактоодо каржылоо усулдарын өркүндөтүүнү ресурстук жактан камсыз кылуу үчүн саламаттык сактоо бюджетин бириктирүү болуп саналат. Бирдиктүү төлөөчү тутумунун негизги иштөө принциптери:
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча медициналык-санитардык жардамды алууда жарандар үчүн бирдей жетимдүүлүгү;
- берүүчүлөрдүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарына бирдей жетүүсү;
- Бирдиктүү төлөөчүнүн жана берүүчүнүн функцияларын аткаруучу органдардын ортосундагы келишимдик мамилелери;
- Мамлекеттик кепилдиктер программасын ишке ашырууда берүүчүнүн кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди (бааларды) түзүүнүн бирдиктүү усулдарын пайдалануусу;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу жана тең төлөө каражаттарын колдонууда берүүчүнүн финансылык өз алдынчалыгы.
Бирдиктүү төлөөчү тутумундагы эсептешүү боюнча берүүчү тарабынан алынган милдеттүү медициналык камсыздандыруунун, калктын тең төлөө каражаттарына жана атайын каражаттарга салык салынбайт жана мамлекеттик бюджетке алынбайт. (КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 07.08.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-мартындагы № 216 ""Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору…Постановление · 28.03.2012 · № 216 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1285/st-3" title="3-статья - Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоонун бирдиктүү төлөөчү тутуму жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>