Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 576 „Электр энергиясын пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 31-декабры № 644 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 576 "Электр энергиясын пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесине, "Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 576 "Электр энергиясын пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Электр энергиясын пайдалануу эрежелеринде:
- төмөнкүдөй мазмундагы 6-1-пункт менен толукталсын:
"6-1. Электр энергиясын келишимдеги кубаттуулуктан жогору берүүгө техникалык жактан эсептелбеген электр тармактарынын керектөөчүлөрү башка керектөөчүлөргө өздөрүнүн тармактары аркылуу электр энергиясын берүүгө укуксуз. Электр берүүчү жана электр менен жабдуучу уюмдар келишимдеги кубаттуулуктан жогору болгон керектөөчүлөрдүн электр орнотмолорун кошууга техникалык жактан эсептелбеген электр тармактары аркылуу керектөөчүлөргө электр энергиясын берүүгө укуксуз.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 11-январында N 1 жарыяланды
Премьер-министри
М. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-авугстундагы № 576 "Электр энергиясын пайдалануу эрежесин бекитүү жөнүндө " токтомуПостановление · 22.08.2012 · № 576
- Электр энергетикасы жөнүндөЗакон · 28.01.1997 · № 8
- Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндөЗакон · 09.07.2013 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон