Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
38-берене. Жогорку сотунун ишин уюштуруу жагынан камсыз кылуу
Күчүн жоготкон · 15.11.2021 редакциясы · IV БӨЛҮМ
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 134.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 13 июня 2011 года № 39
1. Жогорку сотунун жергиликтүү соттордун сот актыларын кайра кароо, ошондой эле мыйзам менен Жогорку сотунун карамагына кирген башка маселелер боюнча ишин Жогорку сотунун аппараты камсыз кылат.
2. Жогорку сотунун аппаратынын иши Жогорку сотунун төрагасы тарабынан бекитилүүчү Жогорку сотунун аппараты жөнүндөгү Жобо менен регламенттелет.
3. Жогорку сотунун аппаратын аппараттын жетекчиси башкарат.
4. Аппараттын жетекчиси түздөн-түз Жогорку соттун төрагасынын жетекчилиги астында иштейт жана аппараттын ишинде көзөмөлдөөчү жана тескөөчү иш милдеттерди жүзөгө ашырат, Жогорку соттун төрагасынын макулдугу менен соттун аппаратынын кызматкерлерин кызмат орундарына дайындайт жана мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамда каралган негиздер боюнча аларды кызмат орундарынан бошотот, ошондой эле Жогорку соттун регламентинин сакталышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат.
5. Тейлөөчү персоналды кошпогондо Жогорку сотунун аппаратынын кызматкерлери мамлекеттик кызматта болушат.
Жогорку соттун аппаратынын тейлөөчү персоналынын ишин уюштуруу, анын ичинде жумушка кабыл алуу жана жумуштан бошотуу маселелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
6. Жогорку соттун аппаратынын чектелген саны, анын түзүмү жана штаттык саны Судьялар кеңеши менен макулдашуу боюнча, чыгымдар сметасынын чектеринде Жогорку соттун төрагасы тарабынан белгиленет.
7. (КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 39 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР КР 2007-жылдын 7-майындагы № 69, 2008-жылдын 23-июнундагы № 134, 2011-жылдын 13-июнундагы № 39 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 15.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 13 июня 2011 года № 39 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 23 июня 2008 года № 134 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах"Редакцияларды салыштыруу
13.06.2011 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
алынып салынды: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ишин уюштуруу
жагынан камсыз кылуу
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жергиликтүү соттордун
сот актыларын кайра кароо, ошондой эле мыйзам менен Кыргыз Республика-
сынын Жогорку сотунун карамагына кирген башка маселелер боюнча ишин
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппараты камсыз кылат.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппаратынын иши Кыргыз
Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы тарабынан бекитилүүчү Кыргыз
Республикасынын Жогорку сотунун аппараты жөнүндөгү Жобо менен регламен-
ттелет.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппаратын Кыргыз Респуб-
ликасынын Жогорку сотунун Төрагасы тарабынан кызматка дайындалуучу жана
кызматтан бошотулуучу аппараттын жетекчиси башкарат.
4. Аппараттын жетекчиси түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Жогорку
сотунун төрагасынын жетекчилиги астында иштейт жана аппараттын ишинде
контролдоочу жана чарбалык-тескөөчү иш милдеттерди жүзөгө ашырат, Кыр-
гыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы менен макулдашуу боюнча
соттун аппаратынын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана бошотот,
ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Регламентинин сакта-
лышына контролдук жүргүзөт.
5. Тейлөөчү персоналды кошпогондо Кыргыз Республикасынын Жогорку
сотунун аппаратынын кызматкерлери мамлекеттик кызматта болушат.
Жогорку соттун аппаратынын тейлөөчү персоналынын ишин уюштуруу,
анын ичинде жумушка кабыл алуу жана жумуштан бошотуу маселелери Кыргыз
Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
6. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппаратынын чектелген
саны Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасынын сунушу боюнча
Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленет.
7. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун штаттык расписаниеси жа-
на түзүмү чектелген сандын чегинде Кыргыз Республикасынын Жогорку соту-
нун Төрагасы тарабынан бекитилет.
(КР 2007-жылдын 7-майындагы № 69 Мыйзамынын, 2008-жылдын 23-июнун-
дагы № 134 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Президента 2009-жылдын 20-июлундагы ПЖ № 313 "Кыргыз Республикасынын сот системасынын ишин өркүндөтүүнүн кээ бир маселелери жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 20.07.2009 · № 313 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралууЗакон · 13.06.2011 · № 39 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1279/st-38" title="38-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>